Кыргызстанда бүгүнкү күндө 500дөй ак илбирс бар

Коом Загрузка... 13 Март 2026 12:06
WhatsApp Image 2026-03-13 at 11.54.21.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда ак илбирстин саны болжол менен 500гө жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жаныбар бүгүнкү күндө жоголуу коркунучу бар жаныбарлардын тизмесинде болгондуктан, аны сактоо чаралары уланууда.

“2013-жылдары ак илбирсти коргоо демилгеси көтөрүлүп, бул жаныбар байырлаган 12 өлкө дагы бул демилгени колдоп, Бишкек декларациясы кабыл алынган. Ошентип биз аны дүйнөлүк деңгээлге чыгара алдык. Бүгүнкү күндө бул өлкөлөр дагы аны сактоо боюнча иш-чараларды алып барышууда.

Өлкө башчысы дагы 2023-жылы “Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ошондон бери бул жаныбарга көңүл бурулуп, анын алкагында иштер жүргүзүлүп келет.

Негизи ал Кыргызстанда башынан эле Кызыл китепке киргизилген. 1924-жылдары аңчылык жаныбары катары аны атып алууга уруксат берилчү экен. Кийин жоголуп бара жаткандыгына байланыштуу 1950-жылы Кызыл китепке кирген. Бирок ага эч ким аңчылык кылбаса дагы саны азая берген.

Бүгүнкү күндө так саны белгисиз. Болжолдуу түрдө 500дөй баш ак илбирс бар деген маалыматтар бар. Бул көрсөткүч анын жоголуу коркунучунан бир тепкичке көтөрүлүп, жогорулап калгандыгын билдирет”,-деди ал.