Агрокамсыздандыруу программасы: Дыйкандардын түшүмү камсыздандырылат

Экономика
Агрокамсыздандыруу программасы: Дыйкандардын түшүмү камсыздандырылат
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму айыл чарбасын камсыздандыруу программасын ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө.

Мекемеден билдиришкендей, пилоттук долбоорду Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында баштоо пландалууда.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык консультанты Роман Шикаренко менен биргеликте күздүк буудай өстүргөн дыйкандардын талааларына барышты.

Агрокамсыздандыруу тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар эл аралык консультанттын катышуусу программаны Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы шарттарга ылайыкташтырууга жардам берет.

"Жолугушууларда дыйкандардын көйгөйлөрү, камсыздандыруудан күткөн үмүттөрү жана программа алар үчүн натыйжалуу болушу үчүн зарыл шарттар талкууланды. Ошондой эле айыл чарба иштеринин графиги, күздүк буудай өстүрүү ыкмалары жана айдоо аянттарынын карталары каралды. Дыйкандардан чогултулган маалыматтар пилоттук долбоорду иштеп чыгууда эске алынып, камсыздандыруу шарттарын фермерлердин муктаждыктарына ылайык түзүүгө пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.