Кыргызстанда 560 жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды

Билим Загрузка... 04 Декабрь 2025 14:36
2023-09-30_14-41-43_OaA3hhp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда 560 жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин түзүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 500ү кыска мөөнөттүү бала бакча жана 60ы өнүктүрүү борборлору.

Министрлик долбоорду ишке ашыруу мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жаш балдары бар үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталганын баса белгиледи.