Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 07 Июнь 2025 13:45
504692406_1111743027665089_2410512397044301289_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.06.25. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда саат 09:33тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 4,5 баллга, Кара-Булуң, Кара-Суу айылдарында 4 баллга, Ак-Жар, Ат-Башы айылдарында жана Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Ак-Чий айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.