Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 656 кылмыш иши козголгон

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 15:40
044492_107135_big_C.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 656 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кенештин тармактык комитетинин жыйынында Башкы прокуратуранын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, зомбулуктун кесепетинен 458 аял, 104 бала жана 94 эркек жабыркаган.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка тиешеси бар жарандарга карата 6 018 протокол түзүлгөн.