Кыргызстанда 2025-жылдын мыкты ашпозчусу аныкталды

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Жылдын мыкты мектеп ашпозчусу – 2025” республикалык сынагынын финалы өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынактын биринчи этабына өлкөнүн бардык облустарынан жана шаарларынан 417 мектеп ашпозчусу катышты. Региондук комиссиялардын баалоосунун жыйынтыгында кесипкөйлүгү жана чыгармачылык жөндөмү жогору болгон жети финалист тандалып алынды.

Ар бир финалист мектептик менюга сунушталуучу автордук ысык тамак даярдап келди. Тамактар төмөнкү милдеттүү критерийлерге жооп берди:

  • бир порциянын наркы 30 сомдон ашпоо;
  • жергиликтүү азыктарды колдонуу;
  • курамында жашылча же жемиштин болушу.

Финалдык программа үч профессионалдык тапшырманы камтыды: тамакты презентациялоо, санитардык нормаларды билүү жана тамакты практикалык даярдоо. Калыстар тамактын даамын, берилиш формасын, даярдоо технологиясын жана анын окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуулугун негиздөөдө көрсөтүлгөн аргументтерди баалашты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча аныкталган жеңүүчүлөр:

  • I орун – Алтынай Жарматова (Баткен облусу, Алчыбай Торалиев атындагы орто мектеби). Жеңүүчүгө ашкана жабдууларын сатып алууга 50 миң сомдук сертификат тапшырылды;
  • II орун – Сайракан Мамбеталиева (Бишкек шаары, Октябрь району, №64 жалпы билим берүү мектеби). 30 миң сом сертификатына ээ болду;
  • III орун – Лунара Саадабекова (Талас облусу, Сагынбек Дүйшөнбиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби). 20 миң сом сертификаты менен сыйланды.

Финалга чыккан башка катышуучулар Агартуу министрлигинин эстелик белектери жана грамоталары менен сыйланышты.

“Мындай сынактар биздин ашпозчулардын талантын ачууга шарт гана түзбөстөн, эң негизгиси балдарыбызды сапаттуу тең салмактуу жана жеткиликтүү ысык тамак менен камсыздоого өбөлгө болот" – деп белгиледи Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматильдеев.

Иш-чара Агартуу министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана КМШ өлкөлөрүнүн окуучуларын тамактандыруу боюнча базалык уюмунун – “Тармактык тамактануу институту” колдоосу менен уюштурду.

Бул сынак мектеп ашпозчуларынын кесиптик коомчулугун өнүктүрүүгө, билим берүү уюмдарында ысык тамактын сапатын жогорулатууга жана мыкты тажрыйбаларды өлкө боюнча жайылтууга багытталган маанилүү демилгелеринин бири болуп саналат.