Кыргызстанда 2024-жылы 8 чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2025 15:15
339476.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. 2024-жылы 48,84 мегаватт электр энергиясын өндүрө турган

8 чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин коллегиясында айтылды.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кубаттуулугу 400 мегаватты түзгөн күн электр станциясы, 100 мегаваттык шамал электр станциясы курулса, Папан суу сактагычындагы 25 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтин курулушуна капсула салынган.

Мындан тышкары, Орто-Токой суу сактагычында жана "Кара-Көл" чакан ГЭСинде курулуш иштери боюнча активдүү иштер жүрүүдө.

Буга удаа эле Лебединовка ГЭСинде реконструкциялоо иштери аткарылып жатат.