Кыргызстанда 2024-жылы 8 чакан ГЭС ишке киргизилген

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2025 13:50
339476.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы жалпысынан 8 кичи ГЭС ишке киргизилип, өндүрүлгөн электр энергиясынын жалпы көлөмү 48,84 мегаваттты түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык ишканалар менен мекемелердин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, ошондой эле 400 мегаваттык күн электр станциясы, 100 мегаваттык шамал электр станциясы курулуп, Папан суу сактагычына 25 мегаватт чакан ГЭСке капсула салынды.

Мындан тышкары Орто-Токой суу сактагычын жана Кара-Көл кичи ГЭСин куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Муну менен катар Лебединская ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.