Министрлик: 2-класстар үчүн 345 миң даана окуу китеби басылып чыкты

Билим 18 Ноябрь 2025 11:48
583954352_1282928120547596_8896882240922622673_n.jpg
583943969_1282928087214266_8417991313858021422_n.jpg
Алдыга
Артка
583954352_1282928120547596_8896882240922622673_n.jpg
583943969_1282928087214266_8417991313858021422_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда 2-класстар үчүн окуу китептери басылып чыкты.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, министрликтин өкүлдөрү “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплекстерин кабыл алышты.

Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.

“Табигый илимдер” окуу китептерин басып чыгарууга 73 271 150 сом каражат жумшалды.