Аялдарга акысыз берилет: Аймактарга маанилүү дары каражаттары бөлүштүрүлүүдө

Ден соолук 3732 08 Апрель 2026 11:21
663397446_967779272316108_7426412961632495798_n.jpg
668433754_967779308982771_1889602055658387593_n.jpg
667773375_967779245649444_7965663107360532375_n.jpg
667648611_967779218982780_1953692466328073391_n.jpg
Алдыга
Артка
663397446_967779272316108_7426412961632495798_n.jpg
668433754_967779308982771_1889602055658387593_n.jpg
667773375_967779245649444_7965663107360532375_n.jpg
667648611_967779218982780_1953692466328073391_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан мизопростол дары каражаты берилди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 350 миң таңгакты (ар биринде 4 таблетка) түзөт. Анын жалпы суммасы 18,4 млн сом.

Мизопростол жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирет жана акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө кеңири колдонулат. Дары каражаты өлкө аймагындагы 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлүп, медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.

"Дары каражаты клиникалык протоколдордун алкагында колдонулат жана сапаттуу акушердик-гинекологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, айрыкча региондордо кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев.