Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуудагы катышуусу кеңейүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун аялдар форумунда билдирди.
Анын айтымында, аялдардын лидерлигин өнүктүрүү аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
“Аялдар өнүгүү процесстеринин жөн гана катышуучусу эмес, анын кыймылдаткыч күчү болуп саналат”, - деди ал.
Аида Исатбек кызы Кыргызстан 2019-жылы да ШКУнун аялдар форумун өткөргөнүн белгилеп, ал тажрыйба алмашууга, кызматташууну чыңдоого жана гендердик теңчилик жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө жакшы аянтча болгонун айтты.
Анын пикиринде, өлкөдө аялдарды колдоо механизмдери өркүндөтүлүп, алардын саясий жана коомдук турмушка катышуусун жогорулатууга багытталган квоталар жана башка чаралар ишке ашырылып жатат.
“Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында парламенттеги аял депутаттардын үлүшү 33,4 пайызга, ал эми жергиликтүү кеңештерде 40 пайызга жетти”, - деди ал.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы тажрыйба шайлоо квоталары жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө багытталган демилгелер сыяктуу максаттуу чаралар, чечим кабыл алуудагы тең салмактуулукту камсыздоону тездетүүгө жардам берерин көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, “Аялдардын лидерлиги” темасындагы ШКУнун аялдар форуму 26–27-июнь күндөрү өтөт.