Жумуштан кийин үйдөгү иш башталат. Аялдардын чыныгы жашоосу кандай?

Коом Загрузка... 08 Март 2026 16:45
WhatsApp_Image_2026_dsLJAgW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Кыргызстандагы аял үчүн “күнүнө 25 саат” деген сөз жашоонун зарылчылыгынан улам айтылып калгандай. Карьера менен үй иштерин айкалыштырган кыргызстандык аялдарды “экинчи нөөмөттөгү” иш дайыма күтүп турат. Мындай шартта өзүнө жеке убакыт бөлүү кол жеткис байлыкка айланат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кыргызстандык аял орточо эсеп менен үй иштерине күн сайын 4 саат 40 мүнөт убакыт коротот. Бул анын өмүрүнүн дээрлик 19%ын түзөт — тазалоо, тамак жасоо жана жакындарына кам көрүүгө арналган убакыт.

Ал эми эркектер бул иштерге болгону 55 мүнөт жумшайт (аялдарга караганда 5 эсе аз). Бул теңсиздик айрыкча аймактарда күчтүү байкалат. Айыл жергесиндеги аялдар үй иштерине күнүнө болжол менен 5 саат, ал эми шаардагы аялдар 4 сааттай убакыт коротушат. Бул айырма айыл жергесинде үй жумуштарынын физикалык жактан кыйла оор болушу менен да түшүндүрүлөт.

Расмий жумуш күнү аяктагандан кийин эркектер үчүн эс алуу башталса, аялдар үчүн экинчи нөөмөт башталат. Мисалы, Бишкекте иштеген аялдын кадимки бир күнүн карап көрөлү:

Жумуш: 8 саат (расмий график).

Жол: 2 саат (тыгындар жана коомдук транспорт).

Үй иштери: 5 саат (тазалоо, кир жуу, тамак жасоо, балдардын сабактарына жардам берүү).

Негизги муктаждыктар: 1 саат (гигиена жана тамактануу).

Уйку: 8 саат (идеалдуу, бирок көп учурда жетишүү кыйын болгон шартта).

Активдүү эс алууга, хоббиге же спортко кыргызстандык аялдардын жумасына болгону 2 саат 20 мүнөт убактысы калат. Бул күнүнө орточо 20 мүнөт гана дегенди билдирет.

Мындай кыска убакытта толук кандуу эс алып, спорт залга барып же жөн гана тынчтыкта убакыт өткөрүү дээрлик мүмкүн эмес. Натыйжада топтолгон чарчоо өнөкөт абалга айланып, өзүнө убакыт бөлүү түгөнгүс иштердин тизмесинин артында калып кетет.