Кыргызстанда аялдардын жетекчилик кызматтардагы үлүшү өсүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 01 Август 2026 13:10
WhatsApp Image 2026-07-31 at 19.18.05.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.08.26 /Кабар/. 2024–2026-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтарга дайындалган аялдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” өткөн Улуттук кеңештин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы аялдардын лидерлигин колдоо жана аларды мамлекеттик башкаруу системасына тартуу максатында муниципалдык жана региондук кадрлар резервин түзүү иштери жүргүзүлгөн. Бирдиктүү резервге акимдер, алардын орун басарлары, шаар мэрлери жана алардын орун басарлары, ошондой эле айыл өкмөт башчылары киргизилген.

“Жалпысынан 743 талапкер кадрлар резервине киргизилип, анын 100ү аялдар болду. Бул жалпы резервдин 13,46 пайызын түзөт.

2024–2025-жылдары резервден жетекчилик кызматтарга бир аял аким, экономикалык маселелер боюнча бир акимдин орун басары, социалдык маселелер боюнча беш акимдин орун басары, 17 айыл өкмөт башчысы жана үч шаар мэринин орун басары дайындалган.

Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын орду өзгөчө маанилүү. Алар административдик жана аткаруучулук кызматтарды ийгиликтүү аркалап келе жатышат. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 14 аял жетекчилик кызматтарга дайындалды. Алардын тогузу акимдин орун басары, бешөө мэрдин орун басары жана бири айыл өкмөт башчысы болуп дайындалды”, - деди Бактыгүл Үсөналиева.