Кыргызстанда 1 миллионго жакын эркек кишинин ден соолугу текшерилди

Ден соолук Загрузка... 27 Март 2025 14:00
2025-01-31_09-49-20_IDZlrj9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Февраль айында өлкөдө 973 миңден ашык эркек киши «Жоопкерчиликтүү бол!» айлыгынын алкагында медициналык текшерүүдөн өттү. Алар инфекциялык эмес негизги оорулар болгон - жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларына жана кант диабетине текшерүүдөн өтүштү.

Бүгүн Бишкек шаарында өткөн саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин жыйынында маалым болгондой, текшерүүдөн өткөн 119 миң 600 (жалпы санынын 12%зы) эркектин кан басымы жогору деп табылган. 49 миң 600 адамдан (5%) жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү коркунучу аныкталган. Ал эми 60 миң 800 адамда (6%) кант диабети бар экендиги белгилүү болгон.

«Жоопкерчиликтүү бол!» акциясында Нарын облусу алдыга чыгып, ага үй-бүлөлүк медицина борборлорунда же ФАПтарда каттоодо турган эркектердин 85% катышкан. Ал эми Бишкек шаары менен Чүй облусунда катышуучулар аз болду, ар бир облустар боюнча 39%ды түздү.

«Жоопкерчиликтүү бол!» акциясы Швейцариянын «Кыргызстанда инфекцияга байланыштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу» долбоору жана Саламаттык сактоо министрлигинин өнөктөштүгү менен бүткүл өлкөдө февраль айынын 1нен 28не чейин өткөрүлдү. Акциянын алкагында жүрөк-кан тамыр ооруларын жана кант диабетин скринингден өткөрүүгө басым жасалды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, инфекцияга байланыштуу эмес ооруларга – жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, онкологиялык оорулар жана обструктивдик инфекцияга байланыштуу эмес дем алуу оорулары кирет. Жалпы дүйнө жүзүндөгүдөй эле инфекцияга байланыштуу эмес оорулар Кыргызстанда өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.