Кыргызстан–Азербайжан: Маданият аркылуу бекемделген боордоштук байланыштар

Маданият Загрузка... 21 Июль 2026 17:35
438742356_7553830851330192_4145056397701709123_n.730x0.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Азербайжанды кылымдардан бери келе жаткан тарыхый, руханий жана маданий жакындык байланыштырат. Акыркы жылдары бул мамиле маданият, билим берүү, искусство жана гуманитардык долбоорлор аркылуу жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Кызматташтыгынын символдору катары Бакудагы Чыңгыз Айтматовдун эстелиги, Бишкектеги достук паркы жана билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор белгиленет.

Бакудагы Чыңгыз Айтматовдун эстелиги

Демилге 2021-жылы көтөрүлүп, 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылган. Бул маанилүү иш-чарага президенттер Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышкан. Аземде эки өлкөнүн лидерлери Чыңгыз Айтматовдун эстелиги кыргыз жана азербайжан элдеринин достугун, бир туугандыгын жана бекем өнөктөштүгүн айгинелеген символ экенин белгилешкен.

Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы мектеп-гимназия

Эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын дагы бир багыты — билим берүү тармагындагы байланыштар. Анын айкын мисалы катары - 2022-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган. Салтанаттуу иш-чарага эки өлкөнүн президенттери катышкан.

Мектепте окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, учурда 63 класста 2 миңден ашуун окуучу билим алат. 2024-жылы мектепте Азербайжандын колдоосу менен STEAM борбору ачылган. Ал заманбап жабдуулар менен камсыздалып, анда 3D-принтерлер, ноутбуктар, лазердик жабдуулар, квадрокоптерлер жана башка техникалар колдонулуп келет.

Ошол эле күнү Илхам Алиевдин иш сапарын улай борбор калаада Низами Гянджеви атындагы №103 мектеп ачылган. Мектептин жалпы аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучуга ылайыкталган. Анда заманбап окуу класстары менен катар кең актовый зал, спорт зал, ашкана, китепкана, ийримдер үчүн атайын кабинеттер жана медициналык блок каралган. Ошондой эле мектептин аймагында гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана унаа токтотуучу жай курулган.

Азербайжандагы “Айкөл Манас” мектеби

Кыргызстан менен Азербайжандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын дагы бир маанилүү долбоору катары Агдам районунун Хыдырлы айылында курулган “Айкөл Манас” орто мектебин белгилөөгө болот. Мектептин салтанаттуу ачылыш аземи 2025-жылдын 3-июлунда эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда өткөн.

Кыргызстан элинин атынан белек катары курулган бул заманбап мектеп 528 окуучуга ылайыкталган. Анын курулушу 2024-жылдын март айында башталып, толугу менен аяктаган. Билим берүү мекемеси 2,7 гектар аянтты ээлейт. Жаңы мектепте үч окуу блогу, спорттук жана жыйын залдары, ашкана, китепкана, физика, химия жана биология лабораториялары, эки компьютердик класс жана заманбап окуу кабинеттер каралган.

Кыргызстан–Азербайжан достук паркы

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелердин дагы бир символу катары Бишкек шаарында 2022-жылдын 11-октябрында Кыргызстан–Азербайжан достук паркы ачылган. Салтанаттуу аземге эки өлкөнүн президенттери — Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышкан.

Азербайжандын колдоосу менен курулган парктын жалпы аянты 5,5 гектарды түзөт. Бул заманбап эс алуу жайында шаар тургундары жана коноктору үчүн жашылдандырылган сейилдөө жолдору, фонтандар, жасалма көлмөлөр, эс алуу үчүн беседкалар, балдар аянтчалары жана ачык асман алдындагы иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган амфитеатр курулган.

Маданий-гуманитардык кызматташтыктын негизги багыттары

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, маданий кызматташуу атайын келишимдердин негизинде өнүгүп келет. Алар - 2012-жылы Баку шаарында кол коюлган маданият жаатындагы кызматташтыгы жана 2025–2026-жылдарга кабыл алынган Жол картасы. Бул план эки өлкөнүн ортосундагы маданий иш-чараларды көбөйтүүгө, чыгармачылык байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары, эки өлкө эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташып келет. Алардын катарына Түрк мамлекеттер уюму, ТҮРКСОЙ, Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, КМШ, ЮНЕСКО жана башка уюмдар кирет.

Адабият жана чыгармачылык байланыштар

2013–2021-жылдары маданият жана адабият тармагындагы кызматташтык активдүү өнүккөн. Бул мезгил аралыгында эки өлкөдө тең көрүнүктүү чыгармачыл инсандардын өмүрүнө жана мурасына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн.

Атап айтканда, Азербайжанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жана 90 жылдык мааракелерине арналган маданий иш-чаралар уюштурулган. Кыргызстанда болсо Азербайжандын белгилүү жазуучулары, композиторлору жана маданият ишмерлеринин чыгармачылыгына арналган кечелер, жолугушуулар өткөн. Ошондой эле эки өлкөнүн адабий байланыштарын чыңдоо максатында чыгармаларды которуу жана китеп бет ачарлары да өткөрүлгөн.

Айтматов жана театрлар аралык кызматташтык

2023-жылдын 7–12-декабрында Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган VI Эл аралык “Айтматов жана театр” фестивалы өткөн. Анда Азербайжандын мамлекеттик пантомима театры Чыңгыз Айтматовдун “Манкурт” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклин тартуулаган.

Ошондой эле 2025-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Бакуда кыргыз драматургу Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклин тартуулап, түрк дүйнөсүнө орток болгон баалуулуктарды сахна аркылуу чагылдырды.

Маданият күндөрү — эки элди жакындаткан көпүрө

Эки элдин достугунда маданият күндөрү да өзгөчө орунду ээлейт. 2024-жылдын 24–29-апрелинде Баку шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлгөн. Анын алкагында гала-концерттер, көргөзмөлөр, кыргыз киносу жана улуттук өнөрдү тааныткан иш-чаралар уюштурулуп, кыргыздын музыкасы, адабияты жана салт-санаасы кеңири көрсөтүлгөн.

Ал эми 2025-жылдын 20–25-апрелинде Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү өткөн. Бишкек шаарында уюштурулган иш-чаралардын жүрүшүндө көргөзмөлөр, чыгармачылык жолугушуулар, гала-концерттер, адабий иш-чаралар жана искусство чеберлеринин өнөр көрсөтүүлөрү камтылган. Мунун алкагында Жол картасына кол коюлган.

Кино тармагындагы кызматташтык

2025-жылдын декабрында Баку шаарында өткөн “Baku Cinema Breeze” эл аралык кинофестивалына Кыргызстандын “Кыргызфильм” киностудиясы тарткан тасмалар катышкан. Алардын катарында Дастан Жапар уулунун - “Качкын”, Дастан Мадалбековдун - “Акыркы дебют” жана Аман Ажыбаматтын - “Жоокер” тасмалары бар.

Быйылкы жылдын март айында Бишкекте өткөн XIII Эл аралык жаштар кинофестивалына Азербайжандын төрт кыска метраждуу тасмасы катышкан. Фестивалда азербайжандык режиссер Нурлан Гасанлы “Эрте сезимдер” тасмасы үчүн “Мыкты режиссер” номинациясынын жеңүүчүсү болгон.

Жыйынтыктап айтканда, биргелешкен долбоорлор, маданият күндөрү, билим берүү демилгелери жана чыгармачылык байланыштар боордош элдердин өз ара түшүнүшүүсүн мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Азербайжанда таанытылган кыргыз маданияты

Ошондой эле Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин маалыматына ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп, маданий байланыштарды чыңдоого багытталган иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Маселен, ушул жылдын 3–5-март күндөрү Баку шаарындагы Кыргызстандын Соода үйүндө Мамлекеттик туу күнү жана “Ак калпак” күнү белгиленип, кыргыздын улуттук кийимдери, каада-салттары жана “Кара жорго” бийи тааныштырылган. Нооруз майрамынын алкагында Бакудагы “Ичеришехер” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык коругунда кыргыз элинин маданиятын чагылдырган көргөзмө уюштурулуп, анда боз үй, улуттук ашкана, улуттук оюндар, музыкалык программа, ошондой эле Кыргызстандын туристтик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, 16-апрелде Баку шаарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан “Жамийла” мюзикли коюлган. Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана эки өлкөнүн парламент депутаттары, маданият ишмерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды чыңдоодо Азербайжанда эмгектенип, ишкердик жүргүзүп жана билим алып жаткан кыргыз жарандары да олуттуу салым кошуп, кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын жайылтууга багытталган иш-чараларды байма-бай уюштуруп келишет.

Гейдар Алиевдин мурасынан тартып “Манаска” чейин

Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги да эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү максатында маданий-гуманитардык багытта бир катар иш-чараларды уюштуруп келет.

Алардын арасында 2022-жылдын 20-апрелинде Жогорку Кеңеште өткөн Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өзгөчө орунду ээлейт. Иш-чарага парламент депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, элчилер жана Азербайжандын Милли Межилисинин өкүлдөрү катышкан.

Конференциянын жүрүшүндө Гейдар Алиевдин Азербайжандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө, эгемендигин чыңдоодо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө кошкон салымы белгиленип, анын өмүр жолу жана саясий ишмердигине арналган документалдык тасма көрсөтүлгөн.

Ошондой эле 2023-жылдын 10-майында Бишкек шаарында элчиликтин демилгеси менен Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган симфониялык концерт уюштурулган. Анда Кыргызстандын Эл артисти Жумакадыр Каниметовдун жетекчилигиндеги симфониялык оркестр азербайжандык белгилүү композиторлордун чыгармаларын аткарган.

Адабият тармагында да эки элдин ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөөгө салым кошкон инсандар бар. Алардын бири — азербайжан акыны, манас изилдөөчү жана котормочу Адил Жамил.

Ал кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосун, ошондой эле белгилүү акын Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын азербайжан тилине которгон. Мындан тышкары, ал 20дан ашык тасманы өз тилине которуп, Кыргызстан менен Азербайжандын маданий жакындашуусуна чоң салым кошкон.