Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт

Экономика Жүктөлүүдө... 24 Март 2025 18:48
photo_5406984971350044061_w.max-1920x1080.format-webp.webp
photo_5406984971350044063_w.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
photo_5406984971350044061_w.max-1920x1080.format-webp.webp
photo_5406984971350044063_w.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Учкун" басмаканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуусунун жүрүшүндө белгилүү болду, - деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

Анын маалыматына караганда, акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчысына атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди.