Кыргызстан жыл башынан бери 400 миңден ашык өзбекстандык туристти кабыл алды

Коом Загрузка... 31 Март 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-03-29 at 09.54.43.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 29.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга туристтик максатта 422 миң 572 өзбекстандык жаран барган. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин алдындагы Статистика агенттиги билдирди.

Көрсөтүлгөн мезгилде Өзбекстандын жарандары төмөнкү өлкөлөргө туристтик максатта сапар алышкан:

  • Тажикстан – 193 348 адам,
  • Казакстан – 154 716,
  • Сауд Арабиясы – 81 173,
  • Россия – 48 029,
  • Түркия – 33 039,
  • БАЭ – 31 787,
  • Египет – 11 078,
  • Таиланд – 10 800,
  • Вьетнам – 7 876,
  • Башка өлкөлөр – 37 740.

Жалпысынан, 2025-жылдын январь-февраль айларында 1 миллиондон ашык өзбекстандык турист чет өлкөгө чыккан. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 182,2 миң адамга, же 21,4%га көбөйгөн.