Кыргызстан Жибек жолунун алкагында биргелешкен медиа платформа жана аймактык медиакампус түзүүнү сунуштады

Коом Загрузка... 22 Июнь 2025 18:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.25. /Кабар/. Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык “Жибек жолу”коммуникациялык конференциясынын жана “Кытай-Борбор Азия” кызматташтыгын өнүктүрүү форумунун алкагында Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары Сюита Соурбаева “Келечек менен байланыш: Жибек жолунун коммуникациялык түйүндөрүн инновациялык куруу жана жайылтуу” темасында баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы азыркы кызматташтык географиялык жакындыкка эмес, ишенимге жана жалпы баалуулуктарга негизделгенин баса белгиледи.

“Биз бул жерге ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү катары гана эмес, кошуналар, өнөктөштөр жана жалпы келечектин авторлору катары чогулдук. Келечек барган сайын аралыктарга эмес, байланыштарга көз каранды. Чек арадан эмес, ишенимден. Күчтөн эмес, мааниден”, - деди Соурбаева.

Анын айтымында, Кыргызстан төмөнкү бир катар конкреттүү демилгелерди ишке ашырууну сунуштайт:

  • Кытайдын, Кыргызстандын жана бүткүл региондун аудиториялары үчүн көп тилдүү мазмундагы жаңы муундагы биргелешкен медиа платформаларды түзүү;
  • Жаштарды санариптик журналистикага, медиа коопсуздукка үйрөтүү үчүн аймактык медиа кампусту ачуу;
  • Жибек жолу тууралуу жандуу жана шыктандыруучу идея катары фильмдерди, сериалдарды жана документалдык долбоорлорду биргелешип тартуу;
  • Гуманитардык интеграциянын ресурсу катары чыгармачыл индустрияларды жана медиа стартаптарды колдоо;
  • Жаштар арасында медиа сабаттуулукка жана санариптик маданиятка инвестиция салуу-жетилген маалыматтык коомдун негизи.

Сөзүнүн аягында ал өлкөлөр ортосундагы ишеним медиа диалогдон башталарын баса белгилеп, Кыргызстан санариптик Евразияны калыптандырууда ишенимдүү өнөктөш болууга даяр экенин билдирди.

"Жибек жолу кайрадан жанданып жатат - бирок бул жолу сигнал, эфир, пиксел, идея түрүндө”,-деп жыйынтыктады ал.