Кыргызстан жана Өзбекстан аймактык коопсуздукту камсыздоодо кызматташтыкты күчөтөт

Коом Загрузка... 07 Апрель 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 07.04.26. / Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 7-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борборд Азия аймагына тийгизген таасири боюнча пикир алмашты, ошондой эле улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташууга байланыштуу эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Адилет Орозбеков менен Саидикрам Ниязходжаев уланып жаткан чыр-чатактарды, алардын кеңейип жаткан географиясын эске алуу менен, азыр Борбор Азия аймагынын бардык өлкөлөрү үчүн өз ара кызматташууну жана аракеттенүүнү күчөтүү мурдагыдан да маанилүү экенин белгилешти.