Кыргызстан жана Түркия саламаттык сактоо жаатында кызматташтыгын чыңдайт

Ден соолук Загрузка... 09 Апрель 2025 15:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттеринин уюму аянтчасында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемел Мемишоглунун саламаттык сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерине арналган жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы саламаттык сактоо системасынын учурдагы өз ара аракеттенүүсүн жана өнүгүү келечегин талкуулоо болду.

2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда кол коюлган Органдарды трансплантациялоо тармагындагы кызматташуу боюнча протоколду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул келишим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы болду. 

Министр Чечейбаев белгилегендей, учурда өлкөдө коомдук саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча реформалар башталган. Ал Түркиянын калктын жүрүм-турумун жана жашоо мүнөзүн өзгөртүү боюнча натыйжаларга жетишүү тажрыйбасы чоң кызыгууну жаратып, башка өлкөлөргө үлгү боло аларын баса белгиледи. 

Өз кезегинде министр Мемишоглу Кыргыз-түрк достугу ооруканасы Кыргызстандын аймактарынан келген медицина кызматкерлерин тажрыйба алмашуу жана окутуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Тараптар саламаттык сактоо тармагында мамлекеттер аралык өнөктөштүктү бекемдөө максатында мындан аркы өз ара кызматташуу тууралуу макулдашты. Органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протоколду ишке ашыруу бейтаптарды дарылоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен Кыргызстанда тиешелүү программаны өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

Кызматташуу тажрыйба алмашууну, адистерди окутууну жана мүмкүн болуучу биргелешкен операцияларды камтымакчы.