Кыргызстан жана ЕАЭБ: соода жүгүртүүнүн 10 жылдык жыйынтыгы

Аналитика Загрузка... 23 Декабрь 2025 16:40
WhatsApp Image 2025-12-23 at 16.27.07 (1).jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Евразия экономикалык биримдиги постсоветтик мейкиндиктеги беш өлкө ортосундагы ири экономикалык интеграция. Ал расмий түрдө 2015-жылдын башында Россия, Беларусь жана Казакстан тарабынан ишке киргизилип, ошол эле жылы Кыргызстан менен Армения кошулган. Он жыл аралыгында бирдиктүү экономикалык эрежелер, техникалык регламенттер иштелип чыкты. Бажы төлөмдөрүндө, ишкерлер жана эмгек миграциясында жүргөн жарандар үчүн жеңилдиктер каралды. Кыргызстан үчүн өзгөчө айыл чарба продукциясын жана жеңил өнөр жай товарларын 180 миллиондон ашык калкы бар ири рынокко экспорттоого жол ачылды.

10 жыл ичиндеги рекорддук 100 млрд доллар

ЕАЭБдин ичиндеги соода жүгүртүү акыркы 10 жылда эки эсеге өстү. 2015-жылы биримдик жаңы иштей баштаганда мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соода көлөмү 45 млрд долларды түзгөн. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 100 млрд АКШ долларына жетти деп эсептелүүдө. Өткөн 2024-жылы аталган сумма 98 млрд доллар болгон.

Эгерде 10 жыл мурун негизинен чийки заттар соодаланса, учурда азык-түлүк, айыл чарба продукциялары жана жогорку кошумча наркка ээ товарлардын үлүшү артты.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы

Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө токтоло кетсек, 2015-жылы ЕАЭБ менен өз ара соода көлөмү 2 млрд 45 млн доллардын тегерегинде болгон. Акыркы беш жылда бул көрсөткүч кыйла жогорулады. 2021–2024-жылдар аралыгында Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1,6 эсеге өстү.

2024-жылы Кыргызстандагы жалпы товар жүгүртүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үлүшү 31,2% түзүп, анын ичинде экспорт — 32,9%, импорт — 30,5% болду. Ал эми 2025-жылдын январь–октябрь айларында биримдиктин үлүшү 35,3%га жетти.

2024-жылы Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 19,6%га өсүп, 5 млрд 501 млн доллардан ашты. Анын ичинде экспорт 1 млрд 690 млн долларды, импорт 3 млрд 810 млн долларды түздү.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода көлөмү 4 млрд 523 млн 400 миң АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1%га өскөн.

image.png

ЕАЭБ алкагында тышкы соодада Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү Россия (65–71%) жана Казакстан (26–32%) болуп саналат. Армения жана Беларусь Республикасы менен болгон соода алакалары минордук өнөктөштөр деңгээлинде калууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө негизинен сүт, балык, жашылча, жемиш, жаңгак, кийим-кече жана айнек сыяктуу товарларды экспорттойт. Ал эми импорттун негизги бөлүгүн өлкөдө өндүрүлбөгөн энергопродукттар жана өндүрүш үчүн зарыл болгон товарлар түзөт.

«Көмүр, жаратылыш газы, суюлтулган газ, нефть продуктулары, буудай жана буудай уну, өсүмдүк майы, кант, ар кандай таштар (гранит, мрамор ж.б.), акиташ флюсу, жыгач, кагаз, картон, кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар, таштан, гипстен жана цементтен жасалган материалдар, жеңил автомобилдер, органикалык эмес химиялык продукциялар, жер семирткичтер жана башка керектөө товарлары Кыргызстанга импорттолот», — деп маалымдады министрлик.

Кыргызстандын жалпы тышкы соода көлөмү (ЕАЭБди кошкондо)

2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 12 млрд 803 млн доллардан ашты. Анын ичинен 4,5 млрд доллардан көбү ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода алакаларына туура келет. Калган 8 млрд доллардан ашык бөлүгү ЕАЭБден тышкаркы үчүнчү өлкөлөр менен соодага туура келет.

Жалпысынан 2025-жылдын январь–октябрь айларында импорттун көлөмү 10 млрд 394 млн доллардан ашса, экспорт 2 млрд 409 млн долларды түздү.

image.png

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыровдун пикиринде, ЕАЭБдин товарларга карата бирдиктүү техникалык регламенттери Кыргызстандын дүйнөлүк рынокторго чыгышына да мүмкүнчүлүк түздү. Анткени бул эрежелер эл аралык стандарттарды эске алуу менен иштелип чыккан.

«ЕАЭБ мамлекеттери менен өндүрүштүк кооперациялар түзүлүп, айыл чарба тармагында биргелешкен компаниялар иштеп жатат. Кыргыз-Россия өнүгүү фонду да биримдиктин алкагында түзүлүп, учурда миллиард долларга чейинки ар түрдүү долбоорлорду каржылап келет. Мындан тышкары, күйүүчү май жана газ менен үзгүлтүксүз камсыз болдук. Россия менен Казакстандан туристтердин агымы көбөйүп, туристтик багыттагы кызматтарды көрсөтүп жатабыз.

Ошондой эле тигүү ишканаларынын продукциясынын басымдуу бөлүгү ушул өлкөлөргө экспорттолот. Тигүү тармагында айрым көйгөйлөр бар экендиги анык, иш процессинде өйдө-төмөн көрүнүштөр болуп турат. Бирок бул тармак атаандаштыкка туруштук берип, жаңы эрежелерге ыңгайлашып, техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга аракет кылууда. Ал туруктуулукту сактап, ишин уланта бериши керек. Бул — рыноктун талабы», — дейт экономист.

image.png

Тигүү тармагы жөнүндө сөз кылсак, өтүп бара жаткан жылы бул багыт бир катар көйгөйлөргө кабылды. Кыргызстанда тигилген кийим-кеченин негизги керектөөчүсү болуп келген Россия кыргызстандык ишкерлерден товар кайсы жерде өндүрүлгөнүн тастыктаган сертификат талап кылып, жүк ташууда жана маркетплейстер аркылуу товар сатууда тоскоолдуктарды жаратты. Бул документке ээ болбогон ишкерлер ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн өкүлдөрү катары эсептелип, бажы төлөмдөрүн толук төлөөгө мажбур болушууда.

Мындан тышкары, акыркы жылдары Россиядагы миграция эрежелеринин катаалдашы да бул жагдайды ого бетер татаалдаштырды. Бул маселени буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев көтөрүп, «ЕАЭБ ичинде соода жүгүртүү эркин болуп, мигранттардын эмгектенүүсү үчүн жеңилдиктер берилиши керек» деген негизги принцип толук кандуу аткарылбай жатканын белгилешкен.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да ушул жылдын сентябрь айында Минск шаарында өткөн ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында жүк ташуу жана транзит тармагындагы ишти так уюштуруу зарылдыгын, ошондой эле биримдиктин ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүнө коюлган чектөөлөрдү жоюу боюнча чаралар тууралуу маселени көтөргөн. Өкмөт башчы 11–12-декабрда Москва шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында да онлайн соода, электрондук сатыктагы салык маселелери жана товар алуучуларды идентификациялоо боюнча түшүнбөстүктөр бар экенин белгилеген.

Жыйынтыктап айтканда, ЕАЭБ Кыргызстанга жакынкы өлкөлөр менен соода-сатык жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Россия жана Казакстан негизги өнөктөштөрдүн деңгээлине чыкты, ал эми Беларусь жана Армения менен болгон экономикалык алаканын потенциалы али толук пайдаланылган жок. ЕАЭБдин Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү өсүүдө. Ошол эле учурда биримдиктин ичинде мүчө өлкөлөрдүн ар биринин экономикалык кызыкчылыктарын эске алган кошумча экономикалык эрежелерди иштеп чыгуу зарылдыгы бар.