Кыргызстан жана БУУ: Туруктуу өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк бекемделүүдө

Министрлер кабинети 15 Май 2026 11:15
6a06a2564edc4.jpg
6a06a2563e891 (1).jpg
6a06a2566b742.jpg
6a06a2566b814.jpg
Алдыга
Артка
6a06a2564edc4.jpg
6a06a2563e891 (1).jpg
6a06a2566b742.jpg
6a06a2566b814.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун системасынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле туруктуу өнүгүү, социалдык колдоо, билим берүү, саламаттык сактоо жана экология тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Улан Маматканов БУУнун агенттиктеринин Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого кошкон олуттуу салымын белгилеп, артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде, Антье Граве БУУнун системасынын өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоого жана өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташтыкты жана биргелешкен программалар менен долбоорлорду ишке ашырууну улантуу ниетин ырасташты.