Кыргызстан жана АКШ бажы тармагында түз байланыштарды түзүүнү көздөйт

Экономика Жүктөлүүдө... 11 Июль 2026 09:30
741409321_1555048376213412_7724214852523461321_n.jpg
741984878_1481688223721003_1309708424441512156_n.jpg
742111155_3199457830442781_8688759778567272882_n.jpg
742558205_2087463225504335_1404444275296523037_n.jpg
743373692_1379875137569748_6305704965401915959_n.jpg
743373933_1144195152118827_8866449165460443651_n.jpg
743425433_1898945411061800_8524742723041891502_n.jpg
743658599_1353494742806243_9101546493635342522_n.jpg
743699514_1408790074421799_691264797511188495_n.jpg
743995810_2025785748055294_7924186392980027486_n.jpg
744198927_2318490732015825_3072603277800185417_n.jpg
744738851_1563871941916411_7212805819552022057_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн бажы тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары каралды.

Тараптар ядролук, радиоактивдүү жана башка тыюу салынган материалдарды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү программаларын кайра жандандыруу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле КР Мамлекеттик бажы кызматы менен АКШнын Бажы-чек ара кызматынын ортосунда түз жумушчу байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралды. Мунун алкагында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

  • маалымат алмашуу механизмдерин ишке ашыруу;
  • трансулуттук кылмыштуулукка жана контрабандага каршы күрөштү координациялоо;
  • тобокелдиктерди башкаруу системаларын өнүктүрүү.

Мындан тышкары, АКШнын элчисине КР Бажы кызматынын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери жана бажы процесстерин онлайн көзөмөлдөгөн заманбап Кырдаалдык борбордун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.