Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга тынчсыздануусун билдирди

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 10:47
6_2_J3f9Qht.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Кыргызстан Иран-Израиль жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесинде болуп жаткан кайгылуу окуяларга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-июнда Стамбулда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясында сөз сүйлөп жатып айтты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка өтө терс таасирин тийгизерин билдирди.

Буга байланыштуу Кулубаев кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен гана чечүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагында бекем тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Ошондой эле министр сессиянын катышуучуларына Кыргызстан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн каражаты катары диалогду жактай турганын жана ар кандай чыр-чатак эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, биринчи кезекте БУУнун уставынын негизинде сүйлөшүү үстүндө саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигине бекем ишенээрин кайталады.

Соңунда Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого салым кошууга, кызматташуунун жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматта түрдүү глобалдык таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.