Кыргызстан менен Россия агрардык тармак үчүн кадр даярдоону күчөтөт

Коом 2 октябрь 2026 09:35
Кыргызстан менен Россия агрардык тармак үчүн кадр даярдоону күчөтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Россия билим берүү форумунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын агрардык жогорку окуу жайларынын консорциумунун жыйыны өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтүүчү иш-чарада консорциумдун 2025-2026-жылдардагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, 2027-2028-жылдарга карата иш планы бекитилет.

Ошондой эле билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, санариптик технологияларды колдонуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар макулдашууларга кол коюу пландалууда.

Форумда агрардык билим берүүнүн келечеги, академиялык мобилдүүлүк, эмгек рыногуна талап кылынган адистерди даярдоо, геномдук селекция, топурактын биоинженериясы жана так дыйканчылык технологиялары талкууланат.

Иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын агрардык ЖОЖдорунун жетекчилери, окумуштуулар, мамлекеттик органдардын жана тармактык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат.