Жээнбек Кулубаев Гананын президенти менен жолукту

Коом 2 октябрь 2026 09:40
832911995_1527054266124745_1428144548112012386_n (1).jpg
833701922_1527054376124734_3910258370779032651_n.jpg
832633873_1527054382791400_6195849170730840782_n.jpg
830788292_1527054276124744_2958776349373706375_n.jpg
829555845_1527054449458060_5919539136712920156_n.jpg
831616712_1527054342791404_6246154895559768805_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гананын президенти Жон Драмани Махама менен жолугушуусу болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, анда тышкы иштер министри Гананын президентине президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Гананы Африка континентиндеги ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгилеп, толук кандуу саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Президент Жон Драмани Махама эки өлкөнүн ортосундагы диалогдун жанданышын жогору баалап, алдыдагы саясий консультациялардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен соода-инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоодо өз ара сапарлардын маанисине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн демилгелерин, анын ичинде көп тараптуу аянтчаларда өз ара колдоого даяр экендиктерин ырасташты.