Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук паркка жана Гананын биринчи президенти Кваме Нкруманын мавзолейине барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, министрге музей комплексине экскурсия уюштурулуп, анда өлкөнүн улуттук-боштондук кыймылы жана Кваме Нкруманын Гана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы ролу тууралуу баяндаган уникалдуу архивдик сүрөттөр, жеке буюмдар жана тарыхый экспонаттар менен тааныштырылды.
Кулубаев Ардактуу коноктор китебине өзүнүн жазуусун калтырды.