Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Ганага болгон расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук паркка жана Гананын биринчи президенти Кваме Нкруманын мавзолейине барды.
ТИМден билдиришкендей, министрге музей комплексине экскурсия уюштурулуп, анда өлкөнүн улуттук-боштондук кыймылы жана Кваме Нкруманын Гана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы ролу тууралуу баяндаган уникалдуу архивдик сүрөттөр, жеке буюмдар жана тарыхый экспонаттар менен тааныштырылды.
Жээнбек Кулубаев Ардактуу коноктор китебине өзүнүн жазуусун калтырды.