Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин штаб-квартирасына барды

Коом 2 октябрь 2026 11:10
a50804f2-74f3-469d-bf2d-df4c9884357c.jpg
f02c140e-f1b5-4977-bf2b-706b19c2e5e5.jpg
b32bee6a-b9e9-4234-996a-e9bf188f5a53.jpg
Алдыга
Артка
a50804f2-74f3-469d-bf2d-df4c9884357c.jpg
f02c140e-f1b5-4977-bf2b-706b19c2e5e5.jpg
b32bee6a-b9e9-4234-996a-e9bf188f5a53.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. 1-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ганага болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министри аталган мамлекеттик корпорациянын жетекчилиги менен жолугуп, Ганада чакан көлөмдөгү алтын өндүрүүнү борборлоштуруу, алтынды өлкө ичинде милдеттүү түрдө аффинаждан өткөрүү, ошондой эле баалуу металлдарды улуттук алтын-валюта резервдерин түзүү системасына натыйжалуу интеграциялоо боюнча тажрыйбасы менен таанышты.

Өз кезегинде Жээнбек улубаев Гана тарапка Кыргызстандын стратегиялык минералдык ресурстарды башкаруу жаатындагы тажрыйбасы, анын ичинде Кумтөр кенин улутташтыруу тарыхы тууралуу маалымат берди. Кенди иштетүүдөн түшкөн кирешелер өлкөдөгү маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга олуттуу салым кошкону белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алтындын жүгүртүлүшүн мамлекеттик көзөмөлдөө механизмдерин, контрабандага каршы күрөшүү чараларын, ошондой эле баалуу металлдардын келип чыгышын көзөмөлдөөнүн санариптик системаларын киргизүүнүн келечегин кеңири талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жана Гананын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерине бурулду. Алтын өндүрүү тармагын жөнгө салуу, заманбап технологияларды жана тоо-кен тармагындагы санариптик чечимдерди колдонуу жаатында эксперттик консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун маанилүүлүгү белгиленди.