Ташкент, 14.05.25. /Кабар/. 2025-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстан Өзбекстандан 333 тонна бадыраң импорттоп, бул көрсөткүч боюнча эң көп сатып алган үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде өзбек бадыраңы негизинен Россияга (1 263 тонна), Кыргызстанга (333 тонна) жана Казакстанга (233 тонна) экспорттолгон. Дагы 19 тонна бадыраң башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Жалпысынан, январь-март айларында Өзбекстан 1 848 тонна бадыраң экспорттоп, бул товардан 2,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө киреше тапкан.
Эксперттердин баамында, регионалдык агрардык кызматташтыктын мындай динамикасы Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугуна оң таасир тийгизип, соода байланышын дагы тереңдетет.