Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүгө ниеттенүүдө

Спорт Загрузка... 14 Апрель 2025 09:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.05.25 /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы (АФК) 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүү укугу үчүн рекорддук сандагы талапкерлер бар экенин жарыялады. Анын ичинде Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан биргелешип тапшырышкан өтүнмө да бар, деп билдирет Өзбекстан футбол ассоциациясынын басма сөз кызматы.

Куала-Лумпурда өткөн АФКнын Аткаруу комитетинин жыйынында бул демилге турнир тарыхындагы олуттуу жетишкендик катары бааланды. АФКнын президенти шейх Салман бин Ибрахим Аль-Халифа Азия кубогун өткөрүүгө болгон жогорку кызыгууну канааттануу менен белгиледи.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен өтүнмөсүнөн тышкары, турнирди өткөрүүгө Австралия, Индия, Индонезия, Түштүк Корея, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары да талапкер болушту.

АФК талапкерлер менен биргеликте конкурс боюнча документтерди даярдоону жана тапшырууну 2025-жылдын 31-мартына чейин жүргүзүүнү пландап жатат.