Кыргызстан ЮНИСЕФ менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт

Министрлер кабинети 29 Июнь 2026 15:00
6a422f0cb48d9.jpg
6a422f0cb35dd.jpg
6a422f0c22eb6.jpg
6a422f0c72aaf.jpg
6a422f0c71e4c.jpg
Алдыга
Артка
6a422f0cb48d9.jpg
6a422f0cb35dd.jpg
6a422f0c22eb6.jpg
6a422f0c72aaf.jpg
6a422f0c71e4c.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолугушту.

Жолугушууда минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов ЮНИСЕФтин жетекчилиги астында Кыргызстандагы өкүлчүлүктүн социалдык саясат, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан ишине жогору баа берди. 

Ошондой эле ал, балдардын укуктарын коргоо Кыргызстандын улуттук приоритети экени белгилеп, үй-бүлөнү колдоо, зомбулуктун алдын алуу, социалдык кызматтарды жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жаатында мамлекеттик программалар жана стратегиялар ишке ашырылып жатканын кошумчалады. 

Улан Маматканов ЮНИСЕФти Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү катары белгилеп,  Кыргызстандын ЮНИСЕФ менен көп жылдык жемиштүү кызматташтыгы өлкөдө балдардын укуктарын жайылтуу жана коргоо боюнча маанилүү роль ойнорун баса белгиледи. 

Тараптар эмгек миграциясынын кесепеттери, майыптыгы бар балдар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгү, зомбулук жана балдар эмгеги сыяктуу бүгүнкү күндө сакталып жаткан чакырыктарды да талкуулашты. Бул багыттарга кошумча көңүл буруу боюнча сунуш айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар балдардын укуктарын жана жыргалчылыгын коргоо жаатында туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн Кыргызстандын социалдык кызматтар системасын чыңдоого активдүү көмөк көрсөтүүгө макулдашты.

Министрлер кабинети тарабынан ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ишине толук колдоо көрсөтүлөрү дагы бир жолу ырастатылды.