Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчилиги 18-мартта Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында эл аралык Нооруз күнүн белгилөөгө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.
Элчиликтен билдиришкендей, иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле, дипломатиялык миссиялардын башчылары, ЮНЕСКОнун катчылыгынын кызматкерлери, ошондой эле Франциядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кестек, ушул жылы иш-чаранын уюштуруу комитетинин төрагалыгы Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу делегациясына жүктөлгөн.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Кыргызстан, Афганистан, Азербайжан, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан бириккен 13 өлкөнүн атынан конокторго кайрылып, Нооруз майрамы өз ара жардамдашуу, тынчтык жана каада-салтты сыйлоо сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган көптөгөн элдердин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле заманбап геосаясий процесстердин жана глобалдык чакырыктардын шартында дүйнө биримдикке жана тыгыз кызматташууга муктаж экенин өзгөчө белгиледи.
«Андыктан Нооруз сыяктуу майрамдар бизге түбөлүк баалуулуктарды – тынчтыкты, жакшы коңшулаштыкты, бири-биринин маданиятын жана каада-салтын сыйлоону эске салат»,-деди.
ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулей жалпы элди майрамы менен куттуктап, Нооруз майрамы дүйнө башынан кечирип жаткан оор күндөргө карабастан жаңыланууну, үмүттү, табияттын ойгонушун, үй-бүлө жана достор менен жолугушууларды билдирерин белгиледи.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздардын улуттук тамак-аштары жана кондитердик азыктардын дегустациясы уюштурулуп, Одрэ Азуле Кыргызстандын майрамдык дасторкону менен таанышып, даярдалган улуттук тамак-аштарга жогору баасын берди.
Ошондой эле конокторго улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, зер буюмдары коюлган стенд, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу китептер жана брошюралар тартууланып, ар бир өлкөнүн Нооруз майрамына арналган видеороликтер чоң экрандарда көрсөтүлдү.
Маалымат үчүн: Нооруз майрамы 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген.