Кыргызстан Тунис жана Сенегал менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады

Саясат Загрузка... 11 Март 2025 12:10
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Тунистин тышкы иштер, миграция жана чет өлкөдөгү тунистик жарандар боюнча министри Мохамед Али Нафти жана Сенегалдын тышкы иштер министри Яссин Фаль менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Жидда шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз сессиясынын алкагында орун алды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды. Тараптар саясий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.

Элчи Улукьек Марипов маектештерине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын саламын жолдоп, өлкөнүн эл аралык аренадагы артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди, ошондой эле өлкө жетекчилиги тарабынан Тунис жана Сенегал президенттерине арналган расмий каттарды тапшырды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кең