Кыргызстан Түркиянын зергерчилик тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар

Экономика Загрузка... 11 Февраль 2025 10:10
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Кыргызстан Түркиянын зергерчилик тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү “Анкара зергерлер жана саатчылар палатасынын” төрагасы Тимучин Сөнмез менен жолугушууда айтылды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда зергер буюмдарын өндүрүү, өндүрүштөгү технологиялык жабдыктар жана эки өлкөнүн зергерчилик рыногу боюнча пикир алышуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакын арада Кыргызстандан келе турган өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жумушчу топ менен биргеликте Түркиянын зергер буюмдарын өндүрүүдө колдонулган технологияларын Кыргызстанга тартуу максатында жолугушуу өткөрүү пландалды.

Ошондой эле Кыргызстандын зергерчилик тармагында сунушталган жеңилдиктер (преференциялар) боюнча презентация көрсөтүлмөкчү.

Аелгиленгендей, азыркы учурда Түркияда жалпы 200 миң зергерчилик компаниясы бар, анын ичинен 2500ү Анкара шаарында жайгашкан.