Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, учур талабына жараша эл аралык аренага өз демилгелерин сунуштап, аларды ишке ашырууга аракетин жумшап келет. Эл аралык тоолор күнүн утурлай “Кабар” агенттигине Тышкы иштер министрлиги өлкө үчүн тооэкосистемасынын маанилүүлүгү боюнча айтып берди.

Эл аралык тоолор күнү. Анын Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү
Жыл сайын 11-декабрда дүйнөлүк коомчулук Эл аралык тоолор күнүн белгилейт.1998-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен 2002-жылды Эл аралык тоолор жылы деп жарыялаган. Ал эми Эл аралык тоо күнүн жарыялоо чечими Кыргызстандын демилгеси менен 2002-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык тоолуу аймактарда туруктуу өнүгүүнүн маанисин жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Тоолор планетадагы эң бай, бирок ошол эле учурда эң аялуу экосистемалардын бири болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, тоолор планетанын жер бетинин дээрлик 27%ын ээлейт, ал эми дүйнө калкынын 15%ы тоолуу аймактарда жашайт. Дүйнөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктүн топтолуу аймактарынын жарымы тоолордо жайгашкан - бул көптөгөн уникалдуу өсүмдүктөр жана жаныбарлар үчүн корук.
Тоолор дүйнөнүн суу мунарасы болуп саналып, алар дүйнө жүзү боюнча таза суунун 60-80%га чейинкисин тиричиликке, айыл чарбасына жана өнөр жай өндүрүшүнө жеткирип турат. Планетанын калкынын болжол менен жарымынын бакубаттуулугу тоо массивдеринде камтылган суу, азык-түлүк жана энергетикалык ресурстарга көз каранды. Бүгүнкү күндө тоолор эс алуу жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн да популярдуу жер болууда.
Ошол эле учурда дүйнөнүн тоолуу аймактары учурда климаттын өзгөрүшүнүн, жердин деградациясынын, ашыкча эксплуатация жана табигый кырсыктардын коркунучунда. Тоолуу аймактардын тургундары ачарчылыктан жана жакырчылыктан эң көп жабыркашат. Температуранын жогорулашынан улам мөңгүлөрдүн эриши ойдуң жерлерде жашагандар үчүн кырсыктарга алып келүүдө. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү тоолуу аймактардын ар бир үчүнчү тургуну азык-түлүк коопсуздугунун жетишсиздигинен жапа чегип келет.
Бул аймактардын тургундары көчүп кетүүгө аргасыз болушууда. Шаарларга миграция тоолуу калктын маданиятын жана агробиологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына коркунуч келтирүүдө. Экономикалык жактан алганда, тоолуу аймактар жогорку экономикалык жана транспорттук чыгымдар, катаал климат жана татаал географиялык ландшафт менен мүнөздөлөт. Бул калктын социалдык-экономикалык абалына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө терс таасирин тийгизет.
Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактардын бакубаттуулугун камсыз кылуу жана алардын туруктуу өнүгүүсү үчүн өз жоопкерчилигин терең түшүнөт.
Тышкы иштер министрлиги өзүнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүндө эл аралык аренада тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн илгерилетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ошондой эле министрлик тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл буруу үчүн БУУнун жана башка эл аралык форумдардын алкагында активдүү иш алып барарын кошумчалады.

Кыргызстандын тооэкосистемасын коргоо, сактоо боюнча иш-аракети
Дүйнөнүн тоолуу аймактарынын туруктуу экономикалык, социалдык, демографиялык, маданий жана табигый өнүгүүсүнө жетишүү үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттери зарыл.
2002-жылы Бишкек Глобалдык Тоо саммитинин өткөрүлүшүн өзгөчө белгилей кетүү керек, анда тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана өнүгүү жолдору талкууланып, тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүү маселелери боюнча кызматташтыгынын негизин түзгөн жыйынтыктоочу документ – Бишкек тоо платформасы кабыл алынган.
Тоолуу аймактардын маселелери БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча "РИО+20" (2012-ж.) эл аралык конференциясынын күн тартибине киргизилип, анда тоолуу аймактардын экосистемалык кызматтарынын маанилүүлүгү жана тоолуу коомчулуктардын жаратылыш ресурстарын башкаруудагы ролу таанылат. Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарына да кирген.
Тоо демилгелеринин алкагында, 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай” эл аралык конференциясы өткөрүлдү. Конференция президент Садыр Жапаровдун, ошондой эле Европа, Азия, Америка, Африка жана Австралиянын 50дөн ашык өлкөсүнөн жана 29 эл аралык уюмдан келген жогорку даражалуу чет элдик меймандардын катышуусу менен өттү.

Глобалдык тоо диалогун өткөрүү “Бишкек+25” Экинчи Тоо саммитине жана дүйнөнүн тоолуу региондору туш болгон жалпы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө, ошондой эле бул көйгөйлөргө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга мамлекеттер менен эл аралык өнөктөштөрдүн консолидациясына карай олуттуу кадам болуп, тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде алга жылдырууга континенттерди бириктирүүдө маанилүү роль ойноду.
Кыргызстандын демилгеси менен 2027-жылы Биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин "Бишкек+25" Экинчи Бишкек Глобалдык Тоо саммити Бишкекте өтөт. Учурда министрлик эки жана көп тараптуу жолугушууларда эл аралык өнөктөштөрдү саммитке катышууга чакыруу иштерин жүргүзүп жатат.
Климаттын өзгөрүшү. Кыргызстан сунуштаган демилгелер
Климаттын өзгөрүшү бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарынын бири болуп саналат жана тоолуу өлкөлөрдүн жашоосунун эң маанилүү аспектилерине олуттуу коркунуч туудурат.
2000-жылдардын башынан тарта Кыргызстан тоо маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иш жүргүзүп келет жана акыркы жылдары БУУнун Башкы ассамблеясында бир катар олуттуу демилгелерди көтөрүп чыкты. Алардын катарында Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү тууралуу резолюция бар. Бул БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагындагы тоолор боюнча учурдагы эң маанилүү резолюциясына Кыргызстан Италия менен бирге авторлук кылат. Дал ушул резолюция аркылуу эл аралык коомчулук 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык аракети деп жарыялады.

Учурда Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдык планы ишке ашырылууда, анын алкагында улуттук деңгээлде Жол картасы, ал эми эл аралык деңгээлде Глобалдык иш-аракеттер планы аткарылууда. Алар 2023-2024-жылдары БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Кыргызстандын ТИМи тарабынан тартууланган. Мындан тышкары, жогоруда белгиленгендей, Кыргызстандын демилгеси менен Экинчи Бишкек Глобалдык тоо саммити 2027-жылы Бишкекте өтөт, бул да ушул резолюция менен бекитилген.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо жаныбарларга, айрыкча жоголуп бара жаткан жаныбарларга аяр мамиле жасоо керектигин да эл аралык коомчулуктун алдында далилденди.

“Мисалы, былтыр кышында биздин демилге менен БУУнун Башкы ассамблеясы бардык мүчө-мамлекеттердин колдоосу менен биздин Ак илбирс боюнча резолюцияны 2024-жылдын 12-декабрында консенсус менен кабыл алды. Эми жыл сайын 23-октябрда дүйнө жүзүндө бул тоо жаныбарын сактап калуунун маанилүүлүгү боюнча ар кандай аракеттер көрүлүп иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп кошумчалашты министрликтен.