2003-жылдан бери 11-декабрда Эл аралык тоолор күнү белгиленип келет. 2002-жыл Кыргызстандын демилгеси менен Тоолордун эл аралык жылы деп белгиленген. Ошол жылы октябрда Бишкекте глобалдык тоо саммити өтүп, тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча "Бишкек тоо платформасы" кабыл алынган. Андан кийин БУУ резолюция кабыл алып, ага ылайык, 11-декабрь — Тоолордун эл аралык күнү деп жарыяланган. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды "Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялаган. Тийиштүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-пленардык сессиясында кабыл алынган. Эл аралык тоолор күнү тоо экосистемасынын маанилүүлүгү менен уникалдуулугун, ошондой эле дүйнө жүзүндө климаттын, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнүн кесепетинен тоолор туш болгон коркунучтарды эске салып турат. Эл аралык тоолор күнү тоолордун экологиялык, социалдык жана маданий маанисине көңүл бурууга чакырат.

Кыргызстан — тоолуу өлкө. Республиканын аймагынын 93%дан ашыгы тоолордон турат. Тоолор биздин жаратылыш байлыгыбызды, суунун булагын, жаныбарлар дүйнөсүн, жашоо шартты камсыздайт. Эң негизгиси башкы байлык бул тоодогу мөңгүлөр. Тоолор болбосо, энергетика, туризм жана айыл чарбасы өнүгө албайт. Калктын жашоосунун сапаты, экономикалык өнүгүшү менен тамак-аш коопсуздугу түздөн-түз тоо экосистемасы мнене байланыштуу десек болот.
“Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрайымы, эколог Анара Султангазиева “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстан тооэкосистемасын коргоо боюнча көп иштерди жүргүзүүдө.

“Быйыл апрель айында “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо” эл аралык конференциясы өттү. Эмки жылы бул иш-чаранын жыйынтыктары каралат. Ошондой эле “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алынган. Анын алкагында 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланып, көп иштер аткарылууда”, - деди ал.
Ошол эле маалда эколог климаттын өзгөрүшү тоого түздөн-түз таасирин тийгизерин айтат. Көмүр кычкыл газынын 60%ын тоо өзүнө тартып алат. Климатты муздатып, өтө ысытпай бир калыпта кармап турган бул - тооэкосистемасы. Климаттын өзгөрүшү тоолорго эң күчтүү жана байкаларлык таасир тийгизген экологиялык көрүнүштөрдүн бири. Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдө бул өзгөрүүлөр өзгөчө тез сезилет, анткени тоолор аба ырайына, нымдуулукка жана температурага өтө сезимтал.
“Эң негизгиси климаттын өзгөрүшү биздин мөңгүлөрдүн эришине алып келет. Учурда температуранын жогорулашы менен тоолордогу мөңгүлөр тез эрип, көлөмү жылдан-жылга азайып жатат. Кыргызстанда акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30–40% чейин жоголгону аныкталган. Ал эми мөңгүлөрдүн азайышы — суунун тартыштыгына, электр энергиясынын жетишсиздигине жана эгин чарбасына терс таасир тийгизет. Мындан тышкары, суу ресурстарынын өзгөрүшүнө алып келет. Башында мөңгүлөрдүн эрүүсү дарыялардагы сууну көбөйтөт, бирок узак мөөнөттө суу азайып, кургакчылык көбөйөт.
Бул аймактардын суу коопсуздугуна жана айыл чарбасына чоң коркунуч жаратат. Өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөрүшүнө таасири тиет. Температура жогорулаганда айрым өсүмдүктөр жана жаныбарлар бийик тоолорго көчүп, айрым түрлөр жоголуп кетүү коркунучуна кабылат. Мисалы, тоо өсүмдүктөрү жана тоо жаныбарлары (аркар, суусар, ак илбирс) жашай турган аймактар кыскарат. Климаттын өзгөрүшү жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө да алып келет. Мөңгүлөрдүн эриши жана жамгырдын көптүгү сел, жер көчкү, таш кулоо сыяктуу кырсыктарды көбөйтөт.
Биз жайында суу боюнча чоң форум өткөргөнбүз. Анда коомдук фондубуздун атынан мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча фонд, мындан тышкары, Борбор Азияда биринчилерден болуп мөңгүлөр улуттук паркын ачалы деп сунуш киргизгенбиз. Бул сунуш президентке жетиптир. Демилгебизди жактырыптыр. Алдыда мөңгүлөрдү сактоо боюнча фонд ачылат деп күтүп жатабыз. Демилгелер ишке ашат деп ишенебиз”, - деди Анара Султангазиева.

Ошондой эле ал климаттын өгөрүшү Кыргызстанды жергиликтүү жана глобалдык жоопкерчилигин жогорулатып жатат деп эсептейт. Тооэкосистемалары дүйнө үчүн маанилүү, анткени алар суу, аба жана биологиялык ар түрдүүлүктү камсыз кылат. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү — бул жергиликтүү деңгээлдеги аракеттерди (мисалы, токойдун аянтын көбөйтүү, энергияны үнөмдөө) жана эл аралык кызматташтыкты талап кылат. Ошондуктан президенттин жарлыгы менен "Жашыл мурас" улуттук кампаниясы ишке ашууда.
“Мени эколог катары Кыргызстан климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрү боюнча дүйнөлүк деңгээлде активдүү демилге көтөрүп жаткан өлкөлөрдүн бири болгондугу абдан кубандырат. Кыргызстан — БУУнун Тоолуу өнүгүү боюнча резолюциясын (2002-жылы) сунуш кылган өлкө. Бул резолюциянын негизинде Эл аралык тоолор жылы (2002) жана андан кийин Эл аралык тоолор күнү (11-декабрь) белгилене баштаган. 2022-жылы Бишкекте Тоолуу өнүгүү боюнча эл аралык борбор ачылган. Бул борбордун максаты — тоолуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын бириктирүү, экологиялык жана социалдык долбоорлорду өнүктүрүү болуп саналат. 2021-жылы Кыргызстан БУУ трибунасында "2025-жыл — Эл аралык мөңгүлөрдү сактоо жылы" деп жарыялоо демилгесин көтөргөн. Бул сунуш дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. Өлкөдө Жашыл экономика концепциясы жана Климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча стратегия иштелип чыккан. Мындан тышкары, ушул жылы жашыл таксономия да иштелип чыкты. Максат — 2050-жылга чейин таза энергия үлүшүн көбөйтүү жана көмүртек изин азайтуу. “Жашыл Кыргызстан” программасы иштеп жатат, ал токой отургузуу, жерди эрозиядан коргоо, жана экотуризмди өнүктүрүүнү камтыйт. Эң негизгиси, Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын БУУнун Башкы Ассамблеясында, COP конференцияларында жана регионалдык уюмдарда коргоп келет. Президент жана Тышкы иштер министрлиги климат жана тоолор темасында эл аралык деңгээлде активдүү сөз сүйлөп, “тоолор үчүн үн” болуп турушат. Бул биздин мамлекеттин эл аралык өнөктөштүк жана дипломатия жаатындагы жигердүү иштери катары мен жогору баалайм”, - деп белгиледи эколог.

Кыргызстан сыяктуу дүйнө жүзүндө көп тоолуу өлкөлөр бар. Тооэкосистемасы бузулса, көп тармактарда тартыштыктар, көйгөйлөр жарала тургандыктан, тоолорду сактоо мамлекеттик стратегиялык мааниге ээ. Мындан улам эколог Мирлан Дылдаев тооэкосистемасын Кыргызстан жалгыз сактай албастыгын айтып, бул экологиялык чынжырча болгондуктан, ар бир өлкө өз салымын кошушу зарыл деп эсептейт.

“Президентибиз БУУнун трибунасында жана башка ири эл аралык иш-чараларда үн катып, тооэкосистемасын коргоо боюнча дүйнөлүк масштабда өлкө лидерлерин жалпылап иш-аракеттерди көрүүгө чакырып келет. Биздин мамлекет маселени айтып эле тим болбостон, “жашыл” экономикага, ГЭСтерди, шамал, күн станцияларын куруу долбоорлорун ишке ашырууга басым жасап жатат. Климатка ыңгайлаштырып айыл чарба, өнөр жайда жана башка тармактарда иштер алып барылууда”, - деди эколог.
Мирлан Дылдаевдин айтымында, тооэкосистемасын коргоого, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө жарандар да өз салымын кошуп, күнүмдүк турмушунда айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуусу кажет. Табиятты таза сактоо ар бир үй-бүлөдөн башталышы керек.

“Жарандар биринчи кезекте жаратылышка зыян келтирбөө керектигин эске тутушу керек. Мисалы, таштандыларды туура чыгаруу, желим бөтөлкөлөрдү, баштыктарды аз колдонгонго аракет кылуу керек. Азыр кыргызстандыктар жаратылыш биздин байлыбыз экенин жакшы түшүнүп калды. Экотуризм аркылуу киреше табууга ыкташууда. Бирок ошол эле маалда алар жаратылышка зыян келтирбеши шарт. Анткени биздин тоо, мөңгү, сууларыбыз эң баалуу байлыгыбыз”, - деди Мирлан Дылдаев.