Кыргызстан — тоо көйгөйлөрүн глобалдык деңгээлде көтөргөн өлкө

Экология Загрузка... 07 Апрель 2026 18:40
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.31 (1).jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан тоолуу мамлекет катары акыркы жылдары климаттык жана экологиялык көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп келет. Тоолорубузда кардын, мөңгүлөрдүн тез эриши жана суу ресурстарынын азайышы биринчиден өлкө аймактарындагы калкка түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Кыргызстан беш жылдык “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү” программасы, глобалдык тоо саммиттери жана эл аралык кызматташтык аркылуу бул көйгөйлөрдү чечүү жана тоолуу өлкөлөрдү бириктирүү аракетинде.

Таластын тоолорунда деңиз деңгээлинен 2-2,5 миң метр бийиктикте кар жокко эсе экендигин “Кабар” маалымат агенттигине эколог Гамал Сооронкулов билдирген. Анын айтымында, тоо сүрдүү деген менен климаттык өзгөрүүлөргө өтө назик болот.

"Деңиз деңгээлинен 2-2,5 миң метр бийиктикте кар жокко эсе болгондугу климаттын өзгөрүшүнүн кесепети десем болот. Тоо сүрдүү деген менен климаттык өзгөрүүлөргө өтө назик болот. Алсак, мөңгү көйгөйү өтө актуалдуу. Мөңгүлөрдүн тез эриши, кардын, жаан-чачындын жана суунун азайышы түз эле тоолуу аймактарда жашаган элге таасирин тийгизүүдө. Андан ары кесепети ылдыйдагы өрөөндөргө, кошуна мамлекеттердин элдерине тийиши мүмкүн", — дейт эколог.

Бул көрүнүш Кыргызстандын тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө биринчилерден болуп дуушар болуп жатканын айгинелеп турат. Бүгүнкү күндө мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы дүйнөнүн көптөгөн тоолуу мамлекеттери үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Мындай шартта Кыргызстан бул көйгөйлөрдү эл аралык деңгээлде көтөрүп чыгып, биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү сунуштап келет.

Президент Садыр Жапаров "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын беш жылдыгын" жарыялоо жарлыгына 2023-жылдын 15-сентябрында кол койгон. Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, климаттын туруктуулугун жогорулатууга, жаратылыш мурастарын сактоого багытталган. Аталган жарлыктын алкагында анын концепциясы жана Жол картасы бекитилген.

Ал эми 2022-жылы декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен 2023–2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялаган.

Ушул беш жылдыктын алкагында өткөн жылы апрель айында Бишкекте 50дөн ашык өлкөнүн жана 30 эл аралык уюмдун делегацияларынын катышуусунда "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай жол" аттуу эл аралык конференция уюштурулган. Бул конференция бири-биринен алыс жайгашса да, мөңгүлөрдүн эриши, биоартүрдүүлүктү жоготуу, тоо экосистемасынын деградациясы сыяктуу окшош көйгөйлөргө туш болгон Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия мамлекеттерин бириктирүүгө багытталганын президент Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилеген.

Мамлекет башчысы бул багытта бир катар приоритеттерди белгилеген. Алардын катарына жашыл энергетиканы өнүктүрүү, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, тоолуу аймактарды жашылдандыруу, санариптештирүүнү илгерилетүү, саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана калктын жашоо шартын жакшыртуу кирет. Бул иштердин жыйынтыгы 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитинде чыгарылмакчы.

Кыргызстандын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова "Кабар" агенттигине маалымдагандай, Кыргызстан беш жылдыктын негизинде эл аралык деңгээлде маанилүү эки стратегиялык демилгени көтөрүүдө.

"Биринчиси Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фонду. Ага ылайык, финансы механизми иштелип чыгып, тоолуу экосистеманы колдоого жумшалышы керек. Экинчиси Бишкекте Тоолуу райондорду турукташтыруу глобалдык борборун түзүү. Тоо беш жылдыгы жөн эле отчет менен эмес, тоолуу аймактарда жашаган элдин жашоосундагы конкреттүү өзгөрүүлөр менен аяктоосу биз үчүн маанилүү", — деди Кемелова.

Бул демилгелер Садыр Жапаровдун өткөн жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебатында сүйлөгөн сөзүнөн кийин да анык түшүнүктүү болгон. Президент дүйнө жүзү боюнча курал-жарактарга колдонулуп жаткан 3 триллион доллардан ашык акча-каражаттарды элдин турмушун жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга, экологияны жакшыртып, абаны тазартууга колдонолу деп чакырык салган.

"Кимдин куралы күчтүү деген жарышуу менен эмес, кайсы өлкөнүн жаратылышы, кайсы өлкөнүн абасы таза деген жарышуу менен жашоого баарыңыздарды чакырат элем",- деген Жапаров.

Бул чакырык бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда.