Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин текстиль кластерин түзүүнү демилгеледи

ШКУ Загрузка... 05 Июнь 2026 14:30
2f4fc4e2-063d-4eee-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмеси өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУга мүчө-мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул демилгени тааныштырып жатып, жеңил жана текстиль өнөр жайы ШКУ өлкөлөрүнүн көбү үчүн экономикалык өсүштүн, жумуш орундарын түзүүнүн жана экспорттук потенциалды кеңейтүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин белгиледи.

"Жеңил жана текстиль өнөр жайы социалдык мааниси жогору сектор. Муну менен катар, заманбап глобалдык чакырыктар жана күчөп жаткан эл аралык атаандаштык өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарына өтүүнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө ШКУ мейкиндиги жөнөкөй эле чийки зат соодасынын модели менен чектелип кала албайт. Сырткы рынокторго пахта, жүн, жибек жана башка ресурстарды жеткирип, андан кийин даяр продукцияны импорттоо менен биздин өлкөлөр улуттук экономикалардын ичинде калыптанышы мүмкүн болгон кошумча нарктын олуттуу бөлүгүн жоготуп жатышат", — деп белгиледи министр.

Анын айтымында, ШКУ мамлекеттеринин алдында өзүнчө соода операцияларынан терең өнөр жай кооперациясына өтүү жана толук циклдеги туруктуу өндүрүштүк-технологиялык чынжырчаларды калыптандыруу боюнча стратегиялык милдет турат. Кыргызстан сунуштаган макулдашуунун долбоору кызматташуунун төмөнкү төрт негизги багытын ишке ашырууну карайт:

  1. Аймактык өнөктөштүктү жана өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү. ШКУ өлкөлөрүндөгү конкреттүү өнөктөш аймактарды аныктоо аркылуу ишканалардын, илимий-изилдөө уюмдардын жана логистикалык борборлордун ортосунда өз ара аракеттенүү механизмин түзүү сунушталууда. Бул айрым аймактардын чийки зат потенциалын башкалардын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен бириктирүүгө жол ачат.
  2. Тоскоолдуктарды четтетүү жана рынокторго чыгууну кеңейтүү. Документ ашыкча административдик жол-жоболорду ырааттуу кыскартууну, продукцияны сертификациялоо ыкмаларын жакындатууну, сапат стандарттарын өз ара таанууну жана маркалоо системаларын өркүндөтүүнү карайт.
  3. Технологиялык модернизациялоо жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү. Кластердик ыкма транспорттук-логистикалык каттамдарды координациялоону, логистикалык чыгымдарды азайтууну жана заманбап текстиль жана тигүү жабдууларын өз ара жеткирүүнү колдоону камтыйт.
  4. Товарлардын санариптик көзөмөлдөнүшү жана ички рынокту коргоо. Макулдашуунун долбоору контрафактка жана мыйзамсыз импортко каршы турууга, ак ниет өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган продукциянын изин кууп текшерүүнүн биргелешкен системаларын киргизүүнү карайт.

Мындан тышкары, бирдиктүү текстиль кластерин түзүү улуттук салык, бажы жана техникалык режимдерди шайкеш келтирүү маселелерин козгогон масштабдуу процесс экени белгиленди. Ошондой эле кыргыз тарап келечекте уюмдун мейкиндигинде биргелешкен жип ийрүүчү, токуучу жана тигүү өндүрүштөрүн түзүүнү караган инвестициялык долбоорлордун реестрин иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Бул демилгелердин бардыгы ШКУнун алкагында Россия жана башка өнөктөш мамлекеттер менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылмакчы. Министр Бакыт Сыдыков бул кадам ШКУ мейкиндигинде узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга жөндөмдүү заманбап, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү текстиль экосистемасын калыптандырууга мүмкүндүк берерин өзгөчө баса белгиледи.