Кыргызстан Россиянын эң ири аймактары менен интеграцияны күчөтүүдө

Министрлер кабинети 05 Июнь 2026 11:55
6a224a8057b52.jpeg
6a224a8073fef.jpeg
6a224a7fe346b.jpeg
6a224a7fcf4f7.jpeg
6a224a7fc842d.jpeg
6a224a7fb5463.jpeg
6a224a7fabd61.jpeg
6a224a7fa0426.jpeg
6a224a7f93116.jpeg
6a224a7f7f0e1.jpeg
6a224a7f79f8f.jpeg
6a224a7f635c2.jpeg
6a224a7f5e699.jpeg
6a224a7f469e0.jpeg
6a224a7f3e055.jpeg
Алдыга
Артка
6a224a8057b52.jpeg
6a224a8073fef.jpeg
6a224a7fe346b.jpeg
6a224a7fcf4f7.jpeg
6a224a7fc842d.jpeg
6a224a7fb5463.jpeg
6a224a7fabd61.jpeg
6a224a7fa0426.jpeg
6a224a7f93116.jpeg
6a224a7f7f0e1.jpeg
6a224a7f79f8f.jpeg
6a224a7f635c2.jpeg
6a224a7f5e699.jpeg
6a224a7f469e0.jpeg
6a224a7f3e055.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург Эл аралык экономикалык форумуна катышуунун алкагында Россиянын аймактарынын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ал алгач Калининград облусунун губернатору Алексей Беспрозванных менен жолугушту. Диалогдун жүрүшүндө тараптар агроөнөр жай комплекси, маданият, туризм жана өнөр жай тармактарында кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Үстүбүдөгү жылдын 4-июлунда боло турган Калининград облусунун 80 жылдыгына арналган салтанатка катышууга чакыруу берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен Калининград облусун өнүктүрүү корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Андан соң Амангелдиев Вологда облусунун губернатору Георгий Филимонов менен жолугушту. Тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулап, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүнүн жолдорун белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында Вологда облусунун өкмөтү менен министрлер кабинетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Данияр Амангелдиев ошондой эле Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Жемиштүү диалогдун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Саха Республикасынын өкмөтүнүн (Якутия) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.