Кыргызстан PISA-2025теги көрсөткүчтөрүн жакшыртты: Өсүштүн артында эмне турат?

Билим 10 сентябрь 2026 10:50
799682_pxyIubm.2e16d0ba.format-webp.fill-834x507.webpquality-65.webp
2026-06-09_19-03-46_502785.width-800.format-webp.webp
637024149_1356.max-2560x1440.form.width-800.format-webp.webp
e06eb58b-4b6f-4269-a976-154473687.width-800.format-webp.webp
Алдыга
Артка
799682_pxyIubm.2e16d0ba.format-webp.fill-834x507.webpquality-65.webp
2026-06-09_19-03-46_502785.width-800.format-webp.webp
637024149_1356.max-2560x1440.form.width-800.format-webp.webp
e06eb58b-4b6f-4269-a976-154473687.width-800.format-webp.webp
Алдыга
Артка
Кабар

Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышкан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, негизги үч багыт — табигый-илимий, математикалык жана окуу сабаттуулугу боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртты. Ошол эле учурда Агартуу министрлигинде билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү рейтингдеги орунга гана карап эмес, узак мөөнөттөгү орточо баллдардын динамикасына жараша баалоо зарылдыгын белгилешет.

PISA-2025тин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын табигый-илимий сабаттуулук көрсөткүчү 363 баллды, математикалык сабаттуулук 364 баллды, окуу сабаттуулугу 344 баллды түздү. Ал эми 2006-жылы бул көрсөткүчтөр тиешелүү багыттарына жараша 322, 311 жана 285 балл болгон.

Ошентип, 2006-жылдан 2025-жылга чейин табигый-илимий сабаттуулук боюнча көрсөткүч 41 баллга, математикалык сабаттуулук 53 баллга, окуу сабаттуулугу 59 баллга өскөн.

Мындан тышкары, Кыргызстан кирешеси боюнча деңгээли окшош өлкөлөрдүн тобунун орточо көрсөткүчтөрүн окуу жана математикалык сабаттуулук, ошондой эле "Санариптик дүйнөдө билим алуу" багыттары боюнча ашып өттү. Табигый-илимий сабаттуулук боюнча Кыргызстандын натыйжасын бул топтун орточо көрсөткүчү менен салыштырууга болот.

Изилдөөгө Кыргызстандын 195 жалпы билим берүү уюмунан 6 миңден ашуун окуучу катышты. Тандоого өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы шаардык, айылдык жана алыскы аймактык мектептер киргизилди. Мектептер жана окуучулар окуудагы жетишкендиктеринин деңгээлин эске албастан, бирдиктүү эл аралык эрежелер боюнча тандалып алынган.

Кыргызстан PISA изилдөөсүнө биринчи жолу компьютердик форматта катышты. Тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүлүп, материалдарды которуу жана адаптациялоо эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлдү.

PISA-2025 изилдөөсүнө жалпысынан 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу катышты. Кыргызстан буга чейин бул изилдөөгө 2006 жана 2009-жылдары катышкан. 16 жылдык тыныгуудан кийин изилдөөгө кайра катышуу билим берүү системасындагы узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү баалоого жана мындан аркы өнүгүүнүн багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берди.

Агартуу министрлигинин баасы

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева изилдөөнүн бардык багыттары боюнча Кыргызстандын туруктуу динамикасын белгиледи.

"Бардык багыттар боюнча туруктуу жана динамикалуу өсүш бар", - деди министр.

Кендирбаеванын айтымында, PISA изилдөөсүнүн жыйынтыктары билим берүү системасынын абалын гана эмес, коомдун билимге жана балдарга болгон мамилесин да чагылдырат. Ал балдарды кичинекей кезинен өнүктүрүүгө көңүл буруу, мектептерди заманбап окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу жана мугалимдин ролун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Министр ошондой эле "Алтын казык" программасына токтолуп, анын өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи.

"Биз эң алдыңкы позицияларда же эң акыркы орунда да эмеспиз. Тыныгуудан кийинки бул көрсөткүч биз үчүн ийгилик", - деди Кендирбаева.

Ошондой эле ал окуучулардын ата-энелерине, мугалимдерге, мектеп администрацияларына жана Агартуу министрлигинин командасына ыраазычылык билдирди.

Эмне үчүн рейтингдеги орунга карай гана баалоого болбойт

Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мелисбек Музулманов "Кабар" агенттигине билдиргендей, Кыргызстандын PISA эл аралык изилдөөсүндөгү жыйынтыктарын рейтингдеги ээлеген ордуна гана карап баалоого болбойт. Аларды орточо баллдардын көрсөткүчү менен да баалоо зарыл.

Анын айтымында, 2009-жылы Кыргызстан 65 өлкөнүн ичинен 65-орунду ээлеген. Азыркы изилдөөгө 91 өлкө катышкандыктан, рейтингдеги орундарды гана салыштыруу туура эмес. Эгер азыркы изилдөөдө Кыргызстан 2009-жылдагыдай эле жыйынтык көрсөткөн болсо, өлкө болжол менен 90-орунда болмок.

"Дал ушул орточо баллдарга карап 15 жашка чейинки окуучулардын окуу жана текстти түшүнүү, табигый-илимий жана математикалык сабаттуулугу боюнча белгилүү бир жылыш бар экенин айтууга болот. Ошол эле учурда бул жерде кандайдыр бир "укмуштуудай секирик" жөнүндө сөз болуп жаткан жок, болгону оң динамика катталганын белгилөөгө болот", - деди Музулманов.

Анын айтымында, окуучулардын билим алуусунун жыйынтыгына мектептин иши гана эмес, ата-энелер жана коом, ошондой эле баланын жашоо-шарты да таасир берет. Атап айтканда, адистер үй менен мектептин ортосундагы аралыктын да таасири бар экенин белгилешкен. Бала мектепке канчалык алыстан каттаса, транспорт, жол кооптуулугу маселеси жаралып, анын билим алуусуна терс таасирин тийгизе турган башка жагдайлар көп болушу мүмкүн.

Музулмановдун айтымында, Агартуу министрлиги PISAнын жыйынтыктарын учурдагы көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө жана билим берүү тармагындагы мындан аркы кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берген өзгөчө бир жыйынтык катары карайт.

Ал мындан аркы иштер комплекстүү жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын ичинде окуу жана текстти түшүнүү, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулукту өнүктүрүүгө басым жасалаары маалымдалды. Анын айтымында, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу мектеп же окуу китептери менен гана чектелбейт, бул үчүн комплекстүү иштерди жүргүзүү зарыл.

Окуу китептери, мугалимдер жана 12 жылдык билим берүү

Музулманов 12 жылдык билим берүүгө ылайык окуу китептерин даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзүнчө токтолду. Анын айтымында, жаңы окуу китептериндеги тапшырмалар окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, татаал кырдаалдардан чыгуунун жолдорун табууга жана чечим кабыл алуу жөндөмүн калыптандырууга багытталган.

"Реформалардын жыйынтыгын эки же үч жылдын ичинде дароо көрүү мүмкүн эмес. PISAнын жыйынтыктары болжол менен 15 жыл аралыгында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы болуп саналат. Ошол эле учурда азыркы жыйынтыктар билим берүү тармагындагы мындан аркы чечимдерди кабыл алууга жана кийинки кадамдарды аныктоого негиз болушу керек", - деп баса белгиледи ал.

Музулманов ошондой эле Кыргызстан окуучуларды PISA тестинен өткөрүүгө атайын даярдабай турганын белгиледи. Анын айтымында, PISAнын негизги максаты - 15 жаштагы баланын кандай ой жүгүртөрүн, сынчыл ой жүгүртүүсү канчалык өнүккөнүн жана алган билимин күнүмдүк турмушта колдоно билүү жөндөмүн аныктоо. Маалымдалгандай, окуучуларды мындан ары да дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл.

Ал ошондой эле мугалимдердин ролуна жана билим берүү системасына мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, жакында мугалимдердин айлык акысы жогорулатылды жана мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан бул колдоо келечекте өз жыйынтыгын бериши керек.

Ал мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууну дагы бир маанилүү багыт катары атады.

"Бир окуу жылынын ичинде бардык окуучуларды окуу китептери менен толук камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мектептерди зарыл болгон окуу китептери менен 2030-жылга чейин камсыз кылуу милдети коюлду", - деп түшүндүрдү ал.

Адис өткөн жылы мамлекет тарабынан окуу китептерин басып чыгарууга 856 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Белгиленгендей, буга чейин Кыргызстандын тарыхында окуу китептерине мынчалык көлөмдө каражат бөлүнгөн эмес. Бул да билим берүү системасына көрсөтүлгөн олуттуу колдоолордун бири болду.

Мындан тышкары, ал мугалимдерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, билим берүү институттарын Бишкек, Ош жана башка ири шаарларда гана эмес, ар бир облуста ачуу пландалууда. Маалым болгондой, бул педагогдор үчүн кошумча колдоо болмокчу.

"Билим берүү тармагындагы мындан аркы ийгиликтер мамлекет, коом жана ата-энелер тарабынан биргелешип көрсөтүлгөн колдоого байланыштуу. Билим берүү тармагына канчалык көп көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлсө, жыйынтыктар да ошончолук айкын болот", - деп баса белгиледи Музулманов.

PISA-2009дан кийин эмне өзгөрдү

Бишкек шаарындагы №65 мектептин директору Ольга Солошенко Кыргызстандын PISA-2009 изилдөөсүндөгү төмөн көрсөткүчтөрүнөн кийин билим берүү системасынын алдына жыйынтыктарды жакшыртуу милдети коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, өткөн убакыт аралыгында бир топ иштер аткарылды: билим берүүнүн жаңы стандарттарынын бир нече мууну иштелип чыгып, билим берүүнүн компетенттүүлүккө негизделген модели киргизилди, окуу китептери жаңыртылды, мугалимдер кайра даярдоодон өткөрүлүп, көптөгөн окутуулар уюштурулду.

"Бүгүнкү күндө бардык көрсөткүчтөр боюнча өсүштөрдү көрүп жатканыбыз биз үчүн абдан маанилүү. Бул биздин эмгегибиз текке кетпегенин билдирет", - деди Солошенко.

Ошол эле учурда ал жалпы жыйынтык азырынча жогорку деңгээлде эмес экенин жана билим берүү системасында дагы да алдыга умтулууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

"Бирок, жыйынтык жыл сайын жакшырып баратканын көрүп жатабыз", - деди мектеп директору.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул багытта иштер дагы активдүү жүргүзүлүүдө. Ар кайсы өлкөлөрдүн окуу китептери изилденип, Кыргызстанда колдонууга ылайыкташтырылуу менен жаңы стандарттар киргизилип, өлкө 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатат. Ошондой эле балдардын муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бурулуп, мугалимдерди даярдоого басым жасалууда.

"Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында өлкөбүздөгү аткарылып жаткан иштердин натыйжасында, 2029-жылы өтө турган PISAга катышууда тестирлөөнүн көрсөткүчтөрү кыйла жогорулайт деп ишенебиз", - деп жыйынтыктады Солошенко.

Жыйынтыгында, PISA-2025тин көрсөткүчтөрү узак мөөнөттүү мезгил аралыгында Кыргызстандын үч негизги багыттын тең көрсөткүчтөрү өскөнүн көрсөттү. Айрыкча окуу жана математикалык сабаттуулук боюнча өсүш кыйла байкалат.

Ошентип, PISA-2025тин жыйынтыктары көрсөткөндөй, узак мезгил аралыгында бардык үч багыт боюнча Кыргызстандын көрсөткүчтөрү өстү. Мында эң көрүнүктүү динамика окуу жана математикалык сабаттуулукта байкалууда.

Ошол эле учурда 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлөө жетишилген жыйынтыктарды азырынча жетиштүү деп эсептөөгө болбой турганын көрсөтүп турат. Билим берүү системасынын алдында дагы олуттуу милдеттер турат.

Мындан аркы натыйжалар окуу китептерин жаңыртуу, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана аймактардагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштердин канчалык ырааттуу ишке ашырылышына байланыштуу болот.

2029-жылы өтө турган кийинки PISA изилдөөсү азыркы реформалардын билим берүүнүн сапатына канчалык таасир эткенин жана оң динамиканы сактап калууга канчалык мүмкүн болгонун баалоого мүмкүнчүлүк берет.