Жеке мектепте окуу акысы кандай аныкталат? Министрлик жооп берди

Билим 22 сентябрь 2026 10:35
Жеке мектепте окуу акысы кандай аныкталат? Министрлик жооп берди
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана түздөн-түз жөнгө салбайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркын билим берүү уюму өз алдынча белгилейт.

"Окуу акысынын өлчөмү, төлөө тартиби жана шарттары мектеп менен ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, жеке менчик мектептер көрсөткөн билим берүү кызматтарынын наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын компетенциясына кирет.

Ал эми мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү мыйзамдарда белгиленген тартипте акысыз жүргүзүлөт. Жеке менчик билим берүү уюмун тандоо ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн чечими болуп саналат.