Кыргызстанда мугалим жетишсиздиги маселеси кантип чечилүүдө? Министрдин жообу

Билим Загрузка... 24 Сентябрь 2025 17:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Мугалим жетишсиздиги көйгөйү Кыргызстанга гана эмес, коңшу өлкөлөр үчүн дагы актуалдуу. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, ички жана тышкы миграциянын жогору болгондугунан улам кадрлардын жетишсиздиги Бишкекте өзгөчө курч сезилүүдө.

«Шаардын өсүү темпи тез жүрүп, биз жаңы мектептерди курууга жетишпей жатабыз. Айрым билим берүү мекемелеринде мугалимдер чындап эле жетишсиз, жана биз бул маселени чечүү үстүндө иштеп жатабыз", - деп белгиледи министр.

Кендирбаева маселени чечүү жолдорунун бири педагогикалык ЖОЖдордун жогорку курстарынын студенттерин тартуу экенин айтты.

"Дүйнөлүк практикага ылайык, 3-4-курстун студенттери бир эле учурда окуусун улантып, адистиги боюнча иштей алышат. Жакында эле Бишкек шаарынын мэриясы 5 педагогикалык ЖОЖ менен келишимге кол койду, анын алкагында студенттер мектептерде штаттык негизде иштей алышат", - деди.

IMG_0851_ajkXM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Министр белгилегендей, өзгөчө табигый так илимдер - физика, химия жана биология боюнча мугалимдердин жетишсиздиги болууда. "Биринчиден, бул сабактар боюнча сааттар чектелүү болгондуктан, педагогдор мектептерге барууга анчалык ашыгышпайт. Экинчиден, орус тилдүү мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда, анткени аймактарда мындай адистерди даярдаган жогорку окуу жайлары дээрлик жок. Учурда биз мурда даярдалган кадрлардын эсебинен кармалып турабыз", - деп белгиледи.

Кендирбаева ошондой эле Кыргызстан Россия менен кызматташып, бул өлкөдөн 140ка жакын педагогду тартууга даярданып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын демилгеси менен кадрларды максаттуу даярдоо системасы башталат.

"Эгерде мектептерге конкреттүү предметтер боюнча адистер керек болсо, мэрия студенттер менен келишим түзүп, алардын окуу акысын толугу менен төлөп, мыкты бүтүрүүчүлөрдү борбор калаанын мектептеринде иштөөгө тартат", - деди ал.

Министр президент Садыр Жапаров педагогдордун аманаттарын ипотекага айландыруу идеясын колдогонун, бул жаш кадрларды тартуу жана кармап калуу үчүн кошумча стимул болорун кошумчалады.

"Жалпысынан, кадрлар менен камсыздоо маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларына кирет, бирок биз да бул маселени чечүүгө жардам берүү үчүн кадамдарды жасап жатабыз", - деп жыйынтыктады Кендирбаева.