Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ири долбоорлор ишке ашууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов билдирди.
Анын айтымында, акыркы беш жылда эки өлкө президенттеринин өз ара түшүнүшүү, достук мамилелеринин негизинде жасалган иштер жакшы натыйжаларга жетишүүгө шарт түздү.
"2025-жылдын жыйынтыгы менен товар жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, эки өлкөнүн ортосундагы ири долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу бир жыл мурда башталган. Өзбекстан тарап да темир жолго чоң маани беришүүдө. Бул долбоор эл аралык рынокторго чыгууга жол ачып, региондун өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорун биргеликте баштоо алдында турабыз. Учурда бардык маселелер чечилди. Дагы ондогон ар кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйыл 50 млн долларлык чектен өтүп, 28 долбоор азыр иштеп жатат. Каражатты дагы 200 млн долларга чейин көбөйтүү багытында долбоорлорду изилдөө иштери жүрүп жатат.
Президенттердин эркинин артында эки өлкөнүн чек ара маселесинин чечилди. Бул чоң иштерге жол ачты. Эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышы Борбор Азия чөлкөмүндө алакалардын өнүгүшүнө шарт түздү. Аймакта ынтымактын күчөшү, биздин өлкөлөрдөгү экономикалык өнүгүүлөр, саясий туруктуулуктун болушу дүйнө жүзүнүн көңүл буруусун, инвестициянын келишин шарттап жатат", - деп белгиледи элчи.