Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Учурда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында боордош Өзбекстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Күн мурун иш-чаранын башталышында Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков ЖМКларга маек куруп, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгынын маанилүү багыттарына токтолду.
Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер кылымдарды карыткан терең тарыхка таянарын белгиледи.
"Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси кечээ же бүгүн түзүлгөн эмес. Бул кылымдарды карыткан, тарыхы терең достук. Бүгүн маданият тармагында биргелешкен иштерибиз арбын. Ош шаарындагы Бабур театры гастролдор менен барып турат, филармониялардын чыгармачылык байланыштары да активдүү өнүгүүдө. Алдыда тарбия, адеп-ахлак темасында биргелешкен тасмаларды тартууну пландап жатабыз. Ошондой эле маданият тармагындагы адистерди окутуу боюнча квоталарды киргизүү маселесин карап жатабыз. Бул биздин маданий байланыштарды дагы да чыңдоого өбөлгө түзөт", – деди Озодбек Назарбеков.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алгандыгын эске салып, эки элдин руханий жана маданий байланыштарын мындан ары да чыңдоого зобололуу салым кошо берерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, маданий иш-чаралардын алкагында Өзбекстандан 170тен ашык өнөр жана искусство өкүлдөрү келип, ачылыш аземи “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн. Ал эми салтанаттуу жабылуу аземи бүгүн, 28-июлда саат 19:00дө Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Дордой Номад” аренасында өтөт.
Кеченин көркүн атактуу Фаррух Закиров баштаган легендарлуу "Ялла" тобу ачып, ошондой эле Өзбекстандын маданият министри өзү да көрүүчүлөргө чыгармаларын тартуулайт.