Ташкент, 01.02.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын бири-бирине өткөрүп беришет. Бул тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамды Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы 31-январдагы жыйынында кабыл алганын өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Козимжон Тожиевдин айтымында, документтин негизги максаты - соттолгондорго өз мекенинде, үй-бүлөсүнө жакын жерде жазасын өтөөнү камсыздоо.
«Документ ошондой эле соттолгондорду которууга кеткен чыгымдарды жабуу, талаш-тартыштарды чечүү механизми, тараптардын расмий баарлашуу тилдери жана башка маселелерди жөнгө салат. Макулдашууга ылайык, аны ишке ашырууга жооптуу борбордук органдар Өзбекстан менен Кыргызстандын Башкы прокуратуралары болуп саналат. Абактагыларды алмашуу өзбек-кыргыз чек арасындагы «Дустлик/Достук» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашат», - деди ал.
Эскерте кетсек, соттолгондорду өз өлкөсүндө жазасын улантууга өткөрүп берүү боюнча келишимге 2024-жылдын 18-июлунда Ташкентте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында кол коюлган.
Учурда Өзбекстанда 45 кыргызстандык, Кыргызстанда 96 өзбекстандык абактагы жаза мөөнөтүн өтөп жатат.