Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен индустриалдык парктарды түзүүнү колдойт

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Июнь 2026 15:40
6a3a4accaf04e (1).jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен индустриалдык парктарды түзөт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынында белгилүү болду.

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү.

Жыйында эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, жетишилген макулдашууларга ылайык, анын уставдык капиталын көбөйтүү айтылды.

“Биз өнөр жай кооперациясына жана биргелешкен өнөр жай долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз. Биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүүнү, ошондой эле мындай долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгууну колдойбуз. Биз 2030-жылга чейин агроөнөр жайлык кооперациялык программаны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү колдойбуз”, - деди Адылбек Касымалиев.