Кыргызстан менен Япония юстиция тармагында тажрыйба алмашты

Коом 3 декабрь 2025 17:32
591754943_1258822042947956_6465150060320062109_n.jpg
591754728_1258821972947963_7273939837597061759_n.jpg
591762173_1258822022947958_6954647836416459574_n.jpg
591762616_1258821936281300_3732856012938294601_n.jpg
593292263_1258821966281297_8791215003084764460_n.jpg
593237402_1258822006281293_4652471571979487169_n (1).jpg
591749160_1258822049614622_7845261963866371246_n.jpg
594070054_1258821932947967_6643611325862566924_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Юстиция министрлиги

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бүгүн Юстиция министрлигинде Япониянын Юстиция министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Япония делегациясын Эл аралык департаменттин башчысы Такехико Кавабути баштап келди.

Тараптар мыйзамдарды өркүндөтүү, юридикалык кызматтарды санариптештирүү жана калкка укуктук жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашышты.

Япониянын делегациясы Япония жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн юстиция министрлеринин деңгээлинде иш-чара уюштуруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле эл аралык жаштар форуму тууралуу маалымат берди.

Кыргыз тарап колдонуудагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун маанилүүлүгүн белгиледи. Жапон тарап КР Юстиция министрлигинин бюрократиядан арылтуу, пробациялык системаны өнүктүрүү жана санариптештирүү багытындагы реформалары менен таанышты.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.