Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Япониянын Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки жана башка жетекчилер менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов, Элвира Сурабалдиева, Мирлан Жеенчороев, Жаныбек Аматов, Эрулан Кокулов, Бурул Аманова жана Максат Алымбеков да катышты.
Төрага Япония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
“Киото Япониянын бай тарыхын, маданиятын жана кылымдарды карыткан каада-салттарын сактап келген өзгөчө шаар. Андыктан эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди аймактар аралык алакалар менен да бекемдешибиз кажет”,– деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы кийинки жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 35 жыл толорун эске салып, бул дата эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзүшү керектигин кошумчалады.
Өз кезегинде Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки да эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын мисал кылып, Киото префектурасы Кыргызстан менен ар түрдүү багыттардагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, расмий сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана Япониянын белгилүү тарыхый-маданий эстеликтеринин бири болгон Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.
Белгилей кетсек, Киото шаары Япониянын байыркы борбору катары өлкөнүн тарыхый жана руханий мурастарын сактап келген маанилүү маданий калааларынын бири болуп саналат.