Кыргызстан менен Түркмөнстан маданий кызматташтыгын чыңдайт

Маданият 1841 22 Май 2025 10:48
499761303_1000722248886198_3719948771784205784_n.jpg
499489868_1000722222219534_1477530073898861552_n.jpg
500353771_1000722252219531_1501453605191703011_n.jpg
499503137_1000722302219526_7245048228737235795_n.jpg
499540987_1000722315552858_7656067139599221311_n.jpg
Алдыга
Артка
499761303_1000722248886198_3719948771784205784_n.jpg
499489868_1000722222219534_1477530073898861552_n.jpg
500353771_1000722252219531_1501453605191703011_n.jpg
499503137_1000722302219526_7245048228737235795_n.jpg
499540987_1000722315552858_7656067139599221311_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. 20-майда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында өткөн маданий иш-чараларга катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаралардын жүрүшүндө салбуурун улуттук аңчылык өнөрүнүн элементтери жана кыргыз ат оюндары көрсөтүлдү.

Сапардын алкагында министр Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстандын маданият министри Атагелды Шамурадов жана "Туркменатлары" мамлекеттик бирикмесинин жетекчиси Ахмет Бердыев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар маданият жана гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулады.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Түркмөнстанды ушул жылы 15-18-июнда Ош шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн ART EXPO эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Бул иш-чара маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүүчү аянтча болуп, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берет.